Бишкек-Дели-Бишкек багыты боюнча алгачкы каттам ачылды. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык каттамды жаңы атамекендик “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы Airbus А320 учагы менен жумасына бир жолу ишке ашырат.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 5-ноябрында “Аэро Номад Эйрлайнс” Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинен туруктуу жана чартердик каттамдар менен жүргүнчүлөрдү ташууга укук алган.