“Афоня” тасмасынын башкы каарманы Нина Русланова каза болду

Россия Федерациясынын эл артисти Нина Русланова 75 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болду. Белгилүү болгондой ал буга чейин жүрөк оорусу менен жабыркап, инсульт болгон. Россиянын бир катар маалымат булактары белгилүү актриса коронавирус илдетине кабылганын жазып, 10 күндөн бери ал ооруканада дарыланып жатканын маалымдашты.

Эске салсак Нина Русланова көптөгөн көрөрмандардын купулуна толгон “Афоня”, “Собачье сердце”, “Тени исчезают в полдень”, “Зимняя вишня” жана башка тасмаларда башкы каармандардын ролдорун ойногон.

error: Content is protected !!