Кечээ, 15-октябрь күнү болжол менен саат 22.30 чамасында 40 жаштагы Т.Ч. “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаа менен “Талас-Тараз-Суусамыр” унаа жолунун 61-чакрымында карама-каршы тилкеге чыгып кетип, 31 жаштагы А.Н. башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзгөн.
Жол кырсыгынан “Хонда” унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү 60 жаштагы Т.З., 12 жаштагы Ч.А., 26 жаштагы К.Э., 24 жаштагы Н.М., 28 жаштагы Р.А., 51 жаштагы Ш.З. жана 58 жаштагы Т.З. болуп жалпы 8 адам каза болгон.
Маалыматтарга ылайык “Хонда” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түнкү убакытка карабастан болжол менен саат 22.00 чамасына Бишкек шаарын көздөй жөнөгөн.
Учурда Талас районунун милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүшүүдө.