Улуттук статистика комитети быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасында пневмония оорусуна чалдыккан 25 миң учур катталганын билдирди. 2020-жылдын тийиштүү мезгилинде 29 миң учур болгон же 15 пайызга аз. “2021-жылдын 9 айында пневмониядан 442 адам каза болгон, тескерисинче 2020-жылы 112 адам же 2,5 эсе аз. Жалпысынан республика боюнча калктын 100 миңине пневмониядан 9 өлүм туура келсе, өткөн жылдын ушул мезгилинде 23 адам каза болду”, – делет маалыматта.