Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан баштап Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдары көбөйөт. Бул тууралуу Москва шаарына иш сапары менен барган КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен өткөн жолугушуусунда белгилүү болду.
Тараптар мындан тышкары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин талкуулашты.