Коррупцияга каршы күрөш реалдуу жүрүп жатабы?

 

Коомдук, мамлекеттик ишмер,Медеткан Шеримкулов:

-Чындыгында коррупция республиканын бардык системасынан орун алган.Билим берүү тармагынан, анын ичинде мектептерден бери башталып жаткандан кийин башка эмне айтууга болот. Президент Садыр Жапаров коррупция менен катуу күрөшөм деп жатат. Анын позициясын бардыгыбыз колдойбуз. Учурда бул багытта чечкиндүү кадамдардын жасалып жатканына күбө болуудабыз. Негизи максат, тилек бир – бул коррупцияга бөгөт коюу, анын тамырын жок кылуу. Аны түп тамырынан бери жок кылыш үчүн парламент туура, талапка жооп бере турган мыйзамдарды чыгарыш керек. Коррупцияны токтотмоюн, мамлекеттин өсүшү мүмкүн эмес. Экономикабызоңой менен бутка турбайт.

 

КР Президентине караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин мүчөсү, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы, Ялкун Даутов:

-Бир жылдын ичинде коррупциягааралашкан чиновниктерден 7 млдрдсомдон ашуунуурдалган акчалар бюджетке түштү.Мына ушунун өзү коррупция менен күрөшүүнүн реалдуу жүрүп жаткандыгынан кабар берет. Андан сырткары баарыңыздарга белгилүү болгондой күнүгө кармоолор, камоолор болуп жатат. Жалпысынан мурунку чиновниктер, депутаттар, президенттер андан тышкары коррупцияга аралашкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө. Бул багытта укук коргоо органдары УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ өз ишин так аткарышууда. Бир жылдын ичинде алгылыктуу жыйынтыктар болуп жатат. Буга коомчулук өзү күбө. Андан тышкары Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши өз ишин баштады. Ишкердик кеңештин алдында коррупцияга каршы күрөшүүдө көптөгөн иш-чаралар болмокчу. Президент баш болуп тийиштүү органдар бул багыттагы иштерди жеткиликтүү деңгээлде жасап жатышат деп ойлойм.

ОшМУнун профессору, Аялдар кеңешинин төрайымы,  Тамара Кадырбаева:

– Коррупция бул – өзүнчө системага айланып калган жагымсыз илдет. Бул жок жерден пайда болуп калган жок. Сотуна болобу, прокуроруна болобу, кыскасы баарына берип жатам, демек мага да бирөө бериш керек деген психология аң-сезимге сиңип калган. Мындан арылуу үчүн ар бир адамдын жеке маданияты, адамдык ариети жогору болуу керек деп ойлойм.

Ар бир жаңы келген бийлик коррупция менен күрөшөбүз деп, билекти түрүп келишет. Бирок, сөз, кагаз жүзүндө калып кеткен учурлар болду.Бул жолу дагы талаптар катуу коюлуп, жеп-ичкендердин түн уйкусу бузулуп, тийиштүүжазаларын алып жатышат. Ушул иштер аягына чейин чыгат деп ишенгим келет.

Ошону менен катар балдарды мектеп жашынан адеп-ахлакка, тарбиялуу, тартиптүү болууга, маданияттуулукка үндөп, жакшы иштер жасалып жатат. Мындай өңүттө чоңойгон муундунаң сезимдерине сөзсүз турмуш-тиричиликке, бири-бирине болгон мамиле, эмгекти баалаган мыкты сапаттар сиңет. Бул албетте, келечекте терс көрүнүштөрдөн, биз айтып жаткан коррупциялык илдеттен сактайт.

“Жаңы-Мезгил” саясий партиясынын төрайымы, Айжан Казакбай кызы:

-Коррупцияга каршы системаны өзгөртүүгө Президент башында турган азыркы бийлик аракет кылып жатканын байкоого болот. Ушундан улам акырындап элдин үмүтү жандана баштады. Бирок, бир гана Президенттин аракети менен коррупция жоюлуп кетчү иш эмес. Кеп ар бир адамдын өзүндө. Өлкөбүздүн ар бир жараны мыйзамды сактап, баш ийип, таза жашап, ак жүрсө гана иш алдыга жылат деп эсептейм. Бирок, маселенин экинчи жагы да бар экенин айтууга туура келет. Бул – сот, прокуратура, ички иштер кызматкерлеринин иши. Алар акты ак, караны кара деп таза иштөөсүнө, жетишибиз керек.

Жакында эле Президент прокуратура кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда, “ айлык маянаңарды көбөйтүп берейин, бирок сиздер таза иштеп бериңиздер”- деген эле. Бирок дагы эле болсо, калк менен түзмө-түз иштешкен кызматкерлер таза иштебей жатканын байкоого болот.

Айзада Дүйшөнбаева

 

error: Content is protected !!