22-ноябрга караган суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 51 адамдан аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 29, Чүй облусунда — 1, Талас облусуна − 2, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 7 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде Бишкек шаарында -1, Баткен облусунда- 1, Чүй облусунда-2 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 483 бейтап, амбулатордук түрдө 641 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 884 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 499 киши айыгып чыкса, 2 миң 727 адам каза болду.