Акылбек Жапаров Москвага учуп кетти

КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Москвага учуп кетти. Иш сапарынын алкагында ал Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугуп кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгын чыңдоо, энергетика, күйүүчү май боюнча маселелерди талкуулайт.

Эске салсак, өлкөдөгү энергетикалык кризистин алдын алуу үчүн буга чейин Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан электр энергиясын алуу жагын караштырган. Мындан тышкары Россиядан импортоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы маалымдалган.

error: Content is protected !!