Ахматбек мырза, парламенттик шайлоо күнү белгиленгени саясат кызый баштады. Сиз азыркы учурда эмне иш менен алектенип жүрөсүз?
Буйруса, алдыда боло турган шайлоого бир мандаттуу округдан, партиядан талапкерлерди алып чыгуу боюнча даярдыктарды көрүп жүрөбүз. 5-6 партияны бириктирели деген жакшы ойлорубуз бар, бирок азырынча чечим чыга элек.
Жогорку сот сизге карата козголгон бардык кылмыш иштерин жокко чыгарды. Бирок, ага чейин сиз канча азап тарттыңыз, арадан бир топ убакыт өттү. Саясий куугунтук эмне экендигин жон териңиз менен сездиңизби?
“Ак ийилет, бирок сынбайт” деген ата-бабаларыбыздын улуу сөзү турмуш чындыгынан алынган. Чындык үчүн күрөшүүнү өз башыман өткөрүп, жон терибиз менен сезген адам катары айтып жатам. 2010-жылы “Ата Журт” партиясында күчтүү инсандардын болушу жана парламенттик шайлоодо эң алдыңкы орунда келгенибиз, саясий куугунтуктун башталышы болду. Биздин утуп келгенибиз айрым саясатчыларга жакпай калды. Себеби, ошол мезгилдеги Убактылуу Өкмөттүн башында тургандардын “Ата-Мекен”, КСДП жана башка саясий партиялары шайлоого катышып, жеңилүү ызаасын тартып калган. Ошентип, жеңилген партиялардын ызасын бизден чыгарды. Алгач парламенттеги көпчүлүк коалиция түзүү укугуна ээ болуп, түзгөн коалициясы көздөгөн максатына жетпей ыдырап, аргасыздан биз менен коалиция түзгөнгө мажбур болушкан. Бирок, кийин күчтөнүп алгандан кийин бизди коалициядан чыгарып жиберди. Баш мыйзамды тебелеп-тепсеп, жалган-жалаа жаап, 10 жыл мурунку болбогон шылтоолор менен 17 депутатка иш козгоп, бизди куугунтуктай башташкан.
Ошол мезгилде өзүмдүн күнөөсүз экенимди далилдөө өтө оор болгон. Азаптуу күндөрдү баштан кечирдик. Чет өлкөгө дарыланууга кеткенимде мени келбейт деп ойлошуптур. Бул жакка кайтарда Ак үйдүн жетинчи кабатынан бери чалышып, “Келбесин” деген коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Күнөөм жок үчүн коркутууларга карабастан өз чындыгымды коргойм деп эч нерседен коркпой келдим. Келгенден тартып адилетсиз бийликтин айынан кысымга кабылган судьялардын аргасыз чыгарган чечимдеринин азабын тарттым. Сот процесстеринде бардык далилдерди келтирип, шаардык сотто күнөөсүз экенимди далилдеп берсем да, толук актоо чечимин чыгаргандын ордуна Бишкек шаардык сотунун төрайымынын Жогорку сотко чейин барып келип, аягында каралоо өкүмүн чыгарышкан. Жогорку Сот эмне себептен мурунку чечимди күчүндө калтырганы айтпаса да түшүнүктүү… Себеби, тапшырма аткарылбай жатканы үчүн сотту жумуштан алабыз дегенге чейин барышып, коркутуп-үркүтүүлөр менен түздөн-түз кысым жасашып, ыплас кадамдарга барышкан. Жакпаган адамдардын “көзүн тазалоо” үчүн мыйзамды тебелеп-тепсеп, бийлик тарабынан адилетсиз мамиле өкүм сүрүп, соттордун көз карандысыздыгына доо кетип турган учур болду.
Мыйзамсыздыктан өткөн адам эч качан адилетсиздикти кабыл албайт. Бийлик алмашкандан кийин мыйзамдын чегинде юристтерге, адвокаттарга кайрылдым. Ошол соттордун чечимдери мыйзамсыз экендиги далилденип, жокко чыгарылгандыгы бүгүнкү күндө сот системасында чындыктын орногондугун, өзгөрүүлөрдүн жүрүп жаткандыгынан кабар берет. Эч кимдин кийлигишүүсү жок эле берилген материалдарды карап чыгып, мыйзам чегинде актоо чечимин чыгарганы абдан кубандырды. Кудай буйруса, сот системасында чоң өзгөрүүлөр дагы болот. Келечекте соттордун көз карандысыздыгы орнойт деп терең ишенем.
Досторуңуздун азыркы жүргүзүп жаткан бийлигине карата көз карашыңыз кандай?
Эми өзүңүздөргө маалым болгондой, биз бир партиядан чыкканбыз. Мындан сырткары эл ичинде бизди башынан эле достор деп айтып жүрүшөт. Кыргызда “Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт” деген улуу сөз бекеринен айтылган эмес. Чындыгында биз ошондой эски достордонбуз. Мен алардын бийликтеги жакшы жактарын колдойм, ал эми кандайдыр бир кемчиликтери болсо, сын, ой-пикирлеримди жолукканда өзүлөрүнө түз айтканга мүмкүнчүлүгүм бар. Бирок, сынды жөн эле айтып коюу оңой. Аны туура чечүү жолдорун кошо айтпасаң, андай сындын эч кимге кереги жок. Бийликтин аппаратында министрлер баш болгон абдан көп кишилер иштейт, айтылган ойлор дал келиши мүмкүн же тескерисинче туура эмес болуп калышы да ыктымал.
Экономист катары бүгүнкү күндө бюджетибиздин абалы жөнүндө эмнелерди айтаар элеңиз? “Кумтөр” деп эле кыйкырабыз, анын пайдасын, алтындын алтындай жыргалын эл качан көрөт?
Бюджеттин тартыштыгы пандемиядан башталып, мына азыр үчүнчү жылга өтүп баратат. Илдет биздин экономикага гана эмес, дүйнөлүк экономикага зор залакасын тийгизгени белгилүү. Пандемиянын биринчи жылында бизге чет элдик финансылык институттар 400 миллион доллар суммадагы акча каражатын жардам катары беришкен. Азыр андай жардамдар жок. Чек араларыбыздын жабык турушу, айрым ишкерлердин иштеринин токтоп калышы өлкө экономикасына кедергисин тийгизбей койгон жок. Запаста акча каражаты болбогондуктан, Кыргыз Республикасы да дүйнөдөгү башка мамлекеттер сыяктуу эле азыр өтө оор кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан учуру. Бактыбыз бар экен, мына ушундай учурда алтыныбыз абийирди жаап дегендей. “Кумтөрдү” мамлекетке алуу чечими эң туура кадам болду. Буга чейин “Кумтөрдөн” түшкөн акчалардын басымдуу бөлүгү чет элдик инвесторлордун жана кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп турган болсо, азыркы күндө андай болбой, “Кумтөрдүн” эсебинен бюджетке түшө турган киреше булагы пайда болду. Анын негизинде биз бирөөлөрдөн карыз акча сурабай, айлык-акы, пенсия, пособиелерди өз убагында берүү уланууда. Кыскасы, “Кумтөрдөн” түшкөн акчалар бүгүнкү күндө элдин пайдасына жумшалып жатат. Мындан сырткары, жолдордун оңдолуп, курулуп жатканы да жакшы көрүнүш. COVID-19 пандемиясы бүтсө, мыйзамдар толук кандуу иштесе, шайлоо тынч өтүп, күчтүү парламент келсе, мамлекетти түптөөгө оң жылыштар башталса эле, инвесторлор келе баштайт. Натыйжада, экономикабызды тез эле көтөрүп жиберүүгө мүмкүнчүлүктөр зор. Дүйнө эли коронавирустун талаптарын так аткарып, канчалык эрте жеңсе, кыргыз эли жакынкы жылдарда жакшы өзгөрүүлөрдү ошончолук тезирээк сезе баштайт.
Коррупцияны камоо менен токтото алабызбы?
Коррупция менен паракорчулукту айырмалай албай, бардыгын эле коррупция деп кыйкырып жатабыз. Коррупция бул мыйзамдын тили менен айтканда, уюшулган кылмыштуу топ болуп эсептелет. Алардын бири бизнесмен, бири дагы кимдир бирөө. Уюшуп алып коррупциялык схемалар менен бюджеттен акча уурдагандарды коррупционерлер деп айтса болот. Ал эми акча каражатын талап кылгандарды, пара алгандарды коррупционер деген туура эмес. Камоо менен ал нерселер ооздукталбайт. Күрөшүү үчүн биринчи кезекте бардык мамлекеттик системада иштегендердин алган маянасын жашоо шартына жетээрлик кылып көбөйтүшүбүз керек. Андан кийин талапты катуу койсок, жат нерселердин баары өзүнөн өзү токтойт.
Мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу боюнча ойлоруңуз кандай?
Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлерди эффективдүү пайдаланыш үчүн бирин-бири кайталаган министрликтерди, мекемелерди кыскартуу процесси жүрүп жатат. Себеби, ар бир кызматка келген адамдын татыктуу айлык акысы жана илең-салаң болбогон жумуштун натыйжалуулугу зарыл. Миграция күчөп жатканда жаштар жумушсуз калат деген пикирге кошулбайм. Жумушсуз калат деп эле аз айлык менен мамлекеттик кызматкерлердин армиясын кармай берүү такыр туура эмес. Бул биздин алсыздыгыбыз. Албетте, убактылуу кыйынчылык болот. Кызматкерлер талапка ылайык сынак аркылуу алынат. Келечекте ар бири өз ордун татыктуу таап кетет деп ишенем. Талаптагыдай күчтүү кадрлар иштейт, жаштар билимге умтулат. Мен өзүм да 9 жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебей эле, мал чарбасын жүргүзүп, жер иштетүү жумуштары менен алектенип жүрдүм. Насыя акча менен Чүй өрөөнүндө күнөсканаларды иштетип, алган акчаларыман буйруса, кутулдум. Мындан кийинкилери эми пайдага иштейт.
Сизди эмне өкүндүрөт?
Мен ар дайым реалистмин. Реалдуу турмушту жакшы көрөм. Өкүнгөнүм, биздин элдин ушак-айыңга тез ишенип, берилип кеткени. Ал эми чындык чыркырап турса, ага ишенбегени өкүндүрөт. Бири-бирибизди жамандоо, каралоо азыр абдан өнүктү, анын эң чоң күнөө экендигин сезбей калдык. Бул жарыкчылыктан өтпөчүдөй болуп жүргөнүбүз өкүндүрөт. Кошоматчылык менен бирөөнү жамандап, тебелеп-тепсеп, эптеп бир кызматка олтургандар, жалганды чындай кылып айтууну катуу өздөштүргөндөр өкүндүрөт.
Саясатчылардын элди ушунчалык бузганы өкүндүрөт. Кыргыз элинин арасында намыстуу, уяттуу, эл-жерге чындап күйгөн акылдуу, колунан иш келген инсандар менен сүйлөшө келсең “Менин акчам жок, шайлоого катыша албайм,”-деп айтышат. Себеби, бүгүнкү күндө добуштарды сатып алуу адатка айланды. Өмүрүндө мамлекеттик кызматта иштебей, чөнтөгүнө кичине акча түшүп калгандардын көпчүлүгү депутат болгусу келет. Эмне себептен акчалууларды мамлекеттик саясатка аралаштырып, партиялар өзүлөрүнө чакырып жатышат? Себеби, алардын акылы, жөндөмү эмес, бир гана акчасы кызыктырып жатканы өкүндүрөт.
Парламент конструктивдүү мамлекетчил адамдардан куралып, иштей турган мыйзамды өткөрө ала турган болушу керек. Мыйзам өткөндөн кийин бир тараптуу эмес, жалпы элге иштей турганын көзөмөлдөй турган парламент болсо дейм. Азыр кайсы бийлик болбосун “босогосуна жата калган” бизнесмен депутаттарга талапты катуу коюш керек. Орусия Федерациясынын жазылбаган жакшы мыйзамы бар. В.Путиндин Мамдуманы түзүп жаткандагы бир артыкчылыгы ишкерлик менен алектенген миллионерлерге шарт түзүп берет да, саясатка аралаштырбайт. Салык төлөгөнгө, экономиканы көтөргөнгө салым кошуу үчүн шарттарды түзүп берет. Биз дагы ушундай талаптарды киргизсек болот. Бизде да ар кандай ишкерлер бар. Эки барак жат жазуудан 100 ката кетирген ишкер-депутаттар кайсы мыйзамды жазып кыйратат? Бизнес менен алектенгендер саясатка чуркабай, меценаттык иштерди кылышса. Азыр Президент Садыр Жапаровдун шайлоону акчасыз өткөргөнгө, добуш саткандарды тыюу аракетин көрүп, акча тараткандарды ошол күнү тизмеден чыгарып салуу аракеттери көрүлүп жатканы мени абдан кубандырат.
Бактыгүл Кулатаева