Жылуулук жана электр энергиясынын жаңы тарифтери

КР Энергетика жана өнөр жай министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтому менен, 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн жаңы тарифтерди жарыялады.

Калк үчүн бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет;

Бийик тоолуу аймакта жана шарты катаал жерлерде жашагандар үчүн чектөө коюлбайт. Тоолуу аймактардын тургундары 0,77 сомдон төлөшөт;

Суу чыгаруу менен алектенген станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшөт;

Электр транспорту, балдар интернаттары, карылар жана майыптар үйлөрү, диний мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 1,68 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;

Башка мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 2,52 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшөт;

Майнинг-фермалар, алтын, металл иштеткен фабрикалар жана ичимдик өндүргөн ишканаларга бир киловатт-саат электр энергиясын 2,52 сомдон сатуу сунушталды. Бирок белгиленген коэффициенттен ашып кеткен учурда 5,04 сомдон төлөшөт;

Куюучу, эритүүчү цехтер бир киловатт-саат электр энергиясын 3,78 сомдон алат (салыктарды эске албаганда);

Цемент заводдору бир киловатт-саат электр энергиясын 3,28 сомдон төлөшөт (салыктарды эске албаганда).

2021-жыл жылуулук тарифтери:

Калк үчүн жылуулук энергиясы үчүн тариф бир гигакалориясы 1 134,76 сом болуп сакталат;

Ысык суу үчүн тарифи бир гигакалориясы 981,76 сом деңгээлинде сакталат.

Калган колдонуучулар үчүн сунушталып жаткан тарифтер:

Жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 802 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом);

Ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 802 сом.

error: Content is protected !!