Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берди. Мындай чечим 13 октябрда өткөн парламенттин жыйынында кабыл алынып, ага 87 депутат макул деген добушун беришти.

Ошентип, Министрлер кабинетинин жаңы курамына төмөнкүлөр кирди:

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын башчысы – Акылбек Жапаров;

төраганын биринчи орун басары – Арзыбек Кожошев;

төраганын орун басары – Азиз Аалиев;

төраганын орун басары – Эдил Байсалов;

төраганын орун басары – УКМКнын төрагасы – Камчыбек Ташиев;

экономика жана коммерция министри – Данияр Амангелдиев;

финансы министри – Алмаз Бакетаев;

тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри – Руслан Казакбаев;

юстиция министри – Аяз Баетов;

транспорт жана коммуникация министри – Эркинбек Осоев;

айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министри – Аскарбек Жаныбеков;

энергетика министри – Доскул Бекмурзаев;

жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри – Динара Кутманова;

саламаттыкты сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;

билим берүү жана илим министри – Болотбек Купешев;

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри – Азамат Жаманкулов;

эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри – Кудайберген Базарбаев;

коргоо министри – Бактыбек Бекболотов;

ички иштер министри – Улан Ниязбеков;

өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев.

error: Content is protected !!