Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште бир катар актылардын долбоорлору жактырылды

14-октябрь күнү видеоконференция режиминде өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында бир катар актылардын долбоорлору жактырылды. 

Жактырылган актылардын долбоорлорунун тизмеси: 

– «Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө-мамлекеттерине үчүнчү өлкөлөр тарабынан жасалган экономикалык басым жөнүндө» маселелердин алкагындагы тапшырма;

– Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында экономикалык кызматташтык жөнүндө билдирүүсү;

– «Евразиялык экономикалык биримдиктин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун калыптандыруунун экинчи этабына өтүү жөнүндө» чечим;

– «Ташып кирүү бажы алымынын ченемин өзгөртүү чечими Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши тарабынан кабыл алына турган аялуу товарлардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим;

– «2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө макулдашуунун Евразиялык экономикалык комиссия жана Евразиялык экономикалык биримдиктин сотунун Россия Федерациясынын жараны болгон кызмат адамдары менен кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” протокол;

– «2019-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында тышкы аудит (контроль) жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө» чечим;

– «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн орду жана убактысы жөнүндө» тескеме;

– «Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» чечим;

– «Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө» чечим.

Белгилей кетсек, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өткөн жолугушууга Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле ЕАЭБдеги байкоочу мамлекеттердин башчылары – Куба Республикасынын Президенти Мигель Бермудес, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

error: Content is protected !!