ЖЕКШЕМБИДЕГИ РЕФЕРЕНДУМ КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИН АНЫКТАЙТ

10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо менен кошо референдум өтөт. Бул добуш берүүдө жалпы кыргыз эли башкаруунун формасын тандайт. Аны менен жаңы Конституциянын негизги багыты аныкталат. Бул өлкөнүн эгемендүүлүктү алгандан берки тарыхындагы сегизинчи жолку референдуму.

15 ҮГҮТ ТОБУ ИШТЕП ЖАТАТ

Өткөн жылдын декабрь айынын башында Жогорку Кеңеш башкаруу формасын аныктаган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган. Анда жарандар добуш берүүдө башкаруунун тартибин тандашы керектиги көрсөтүлгөн. Бюллетенде парламенттик, президенттик, бардык варианттарга каршы тандоосу жазылган. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) каттоодон өткөн 15 үгүт тобу жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду. 8 үгүт тобу президенттик башкаруу формасын колдоп жүрсө, парламенттик башкарууну жактаган 3, президенттик башкаруу формасына каршы 1, парламенттик башкарууга каршы 1 жана бардык варианттарга каршы 2 үгүт тобу иштеп жатат. Парламенттик башкарууну жактагандар президентке артыкчылык берүү бир адамдын авторитардык бийлигин бекемдөөгө жол ачаарын, мамлекетте сөз эркиндигине, демократиялык институттардын туруктуу өнүгүшүнө тоскоол болоорун жүйө катары келтиришүүдө. Ошондой эле алар Кыргызстан 20 жылдай президенттик башкарууну башынан өткөргөнүн, азыркы шарт парламенттик башкарууга туура келип жатканын билдиришүүдө. Ал эми президенттик башкарууну жактагандар жоопкерчилик бир адамга жүктөлүп, ал адам Курултайга отчёт бериши керектигин айтышууда. Ошондой эле парламенттик башкаруудан көңүлү калгандар депутаттык мандат партия башчыларынын бизнесине айланганын, алар эч кимге отчёт бербей, өлкөдө жоопкерсиздик күч алганын белгилешүүдө.

БШК ШАЙЛООГО ДАЯР

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев аталган мекеме 10-январдагы саясий иш-чарага даяр экенин, уюштуруу иштери өз нугунда жүрүп жатканын “Эркин Тоо” гезитине билдирди. Анын айтымында, үгүт маалында добуш берүүнүн жыйынтыгына олуттуу таасир бере турган одоно мыйзам бузуулар катталган эмес. “БШК 10-январдагы президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүп алууга толугу менен даяр. Биз бул иш-чара боюнча атайын календардык планды бекитип, анын негизинде конкреттүү иштерди жасап жатабыз. Мен азыр бюллетендерди ЫсыкКөл облусуна жеткирүү өнөктүгүндө жүрөм. Биз эки добуш берүүнү бир өткөрүп мамлекеттин каражатын үнөмдөп жатабыз. 2016-жылы да ушундай эле шайлоону өткөргөнбүз. Анда шайлоочулар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен катар эле өзгөртүүлөр киргизилген Конституцияга добушун берген. Аны ийгиликтүү уюштурган БШК бул иш-чараны да жогорку деңгээлде жыйынтыктоого даяр”, — дейт ал. Ошондой эле К.Осмоналиев бюллетендер “Учкун” ачык акционердик коомунда БШК мүчөлөрүнүн, укук коргоо органдарынын катышуусунда басылганын билдирди. Мындан сырткары ал 2-январдан тарта жалпы республика боюнча бюллетендер жеткириле баштаганын белгиледи.

БАШКАРУУ ФОРМАСЫН ЭЛ АНЫКТАЙТ

Юридика илимдеринин доктору, профессор, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев бул жолку референдум бир топ артыкчылыктарга ээ экенин айтты. Ал билдиргендей, 10-январда шайлоочулар болгону башкаруу формасын гана аныктайт. “Конституцияны өзгөртүү боюнча, башкаруу формасын аныктоо багытында ар кандай пикирлер айтылып келет. Айрымдар өзүм билемдик менен элдин атынан сүйлөп, карапайым калктын атынан тон бычып келгенин көрдүк. Референдум бул жолу элдин ой-пикирин билүүгө гана арналып жатат. Ушул жекшембиде элибиз кайсы башкарууну тандаса, ошол жол менен кетишибиз керек. Парламенттикти тандаса парламенттик, президенттикти тандаса президенттик башкарууга ыктайбыз”, — дейт ал. Кыргызстан 2010-жылга чейин президенттик башкаруу формасында жашап келген. Апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген Убактылуу Өкмөт парламенттик башкарууга артыкчылык берген Баш мыйзамды жалпы референдумга койгон. Анда жаңы Конституцияга добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90 пайыздан ашыгы аны колдогон. Бирок, Ош окуясы эми эле аяктаганда референдум өткөрүү аракетин сындагандар да чыккан. Акыркы 10 жылда аталган Баш мыйзам менен эки чакырылыштагы парламент иштеди. Кыргызстан парламенттик башкарууда жашап жатканы менен негизги чечүүчү фигура президент бойдон калганы да көптөгөн нааразычылыктарды жараткан. Муну мыйзамдын авторлору нормалдуу эле көрүнүш экенин, көч бара-бара түзөлөрүн айткан жайы бар. Ошентсе да бул жолу башкаруунун формасын эл аныктаганы турат. Мындай жоопкерчиликтүү добуш берүүгө ар бир жаран кайдыгер карабай, Кыргызстандын эртеңки келечеги үчүн татыктуу тандоону жасашы керек.

Алмаз ЧЕРБЕКОВ

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст