Жасалма акча менен жаран кармалды – ФОТО

Жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи пункту (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча “А.К.” аттуу жаран кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 13-октябрь күнү “А.К.” кеңсесиңде тиңтүү жүргүзүлүп, аталган жаран өз ыктыяры менен номиналдык 100 доллар болгон 4600 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражаттарын берген.

Бул материалдар боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалып, кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынакиргизилди.

Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча керектүү чаралар көрүлүүдө.

error: Content is protected !!