Жалал-Абадда төрөлгөн үч эмге эки бөлмөлүү батир берилди

Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмдин ата-энесине шаардык мэрия тарабынан эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, батирдин ачкычын калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырган. Батирди сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 800 000 сом бөлүнгөн.

Бир уул, эки кыз болгон үч эмди жарыкка алып келген 38 жаштагы Гүлнара Бүркүтова беш баласы менен буга чейин бир бөлмөлүү батирди ижарага алып, жашап келген.

Мэрия города Джалал-Абад выдал квартиру семье, в которой родилась тройня
Мэрия города Джалал-Абад выдал квартиру семье, в которой родилась тройня
error: Content is protected !!