Жалал-Абадда баңгизаттарды мыйзамсыз өндүргөн көмүскө жай табылды – ФОТО

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айылынын аймагындагы үйдө ыкчам-тергөө
иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында баңгизаттарды мыйзамсыз даярдап жүргөн М.Ж., Н.К. жана М.М. аттуу жарандар кармалды.

Тинтүү учурунда жапайы өскөн кара куурайдай өзгөчө жыты бар заттар менен суюктугу бар идиштер, 4 кап марихуана, 4 таңгак гашиш табылган.

Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган
баңгизаттардын жалпы салмагы 37 кг. түзгөн. Анын ичинен 12 кг. марихуана, 429 гр. гашиш жана 25 кг. каннабистин экстракты экендиги аныкталган.

Кармалган жарандар Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына
киргизилди.

error: Content is protected !!