Залкарды эл жаратат

ЭЛ  ЭМГЕКТЕН  БААЛАДЫ

Аксы райондук элге билим берүү бөлүмүн 21 жыл башкарган, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, “ Данк” медалынын ээси, билим берүүнүн мыктысы, ардактуу мугалим Мамыт Абылкасымовдун эстелиги Кербен шаарына коюлду.  Агайдын эстелигин ачыуу аземине ардагер мугалимдер, эл агартуунун мыктылары, окутуучулар, райондоун аксакалдары келип катышышты. Салтанатты Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков ачып, куттуктап эстеликти ачып берди.  Жүздөгөн жаштарды тарбиялап өстүргөн, билим берүүнүн сапатын жогорку деңгээлге көтөргөн, өзүнө да өзгөгө да талапты катуу койгон, ар бир мугалимди терең изилдеп анан ишке алган чыгаан педагог болгондугун салтанатка келгендер белгилеп жатышты.  Мамыт аке Абылкасымов бир гана Аксы районунун мектептерин жетектебестен Ала-Бука, Чаткал райондорунун мектептерин да жетектеп, билим берүү тармагынын өнүгүшүнө өз салымын кошкондугу белгилүү. Аталган ройондо билим берүүнүн сапатын көтөрүп,  бир нече мектептердин имараттарынын жаныдан заманбап болуп салынышына себепкер болгон.  Мамыт агай республикага эмгеги менен белгилүү педагог болгон. Бир нече илимий конференцияларга катышып, билим берүүнүн жаңы ыкмаларын жайылтууга аракеттерди жасаган.  Мектептерге класс кабинеттик системаны киргизген, агай иштеп турган мезгилде 15 мугалим Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалим менен ардактуу наамдарга ээ болгон.  Мамыт Абылкасымовдун өмүрү жана чыгармачылыгын чагылдырган “Мамыт агай баскан жол” деген китеп да чыгып, ал китептин бет ачары да өткөрүлдү. Агай тууралуу кызыктуу баяндар чагылдырылган. Өмүр бизден өтуп кетсе, эл эмгектен эскерсин деген мына ушул, агайдын экинчи өмүрүн шакирттери улантып, билим берүүнүн деңгээлин түшүрбөй жаштарга билим тарбия берип келишет. Ак эмгек элдин эсинен чыкпайт.

АГАРТУУНУН АЛПЫ ЭЛЕ…

Ар бир мезгилдин өзүнүн бир улуу инсандары, өзүнүн бир чыгаан уулдары болот эмеспи. Аксы элинин мына ушундай уулдары нын бири Мамыт Абылкасымов карыя болгон. Бул адам Аксы аймагынын алгачкы агартуучуларынын бири, агартуу тармагына ат көтөргүз кызмат кылган. Мамыт акенин жаштык чагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине туура келип калды. Согуш башталган жылы Афлатун жети жылдык мектебин ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы райондо ачылган мугалимдерди даярдоо курсун бүтүп, ошол эле жылы Итагар башталгыч мектебине   мугалим болуу менен эмгек жолун баштайт. Ошол кезде Мамыт агай болгону 16-17 жаштарда болгон. Бир эле мезгилде чарбанын башкармасынын төрагасы, бир эле мезгилде ошол чарбанынын башкы эсепчиси, бир эле мезгилде мектептин директору болуп иштеген мына ушул адам болгон. Партиянын Караван райондук комитетинде инспектор болуп туруп Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер институтун, андан кийин Фрунзе шаарындагы педагогикалык инститтун физика–математика факультетин эң мыкты окуу менен аяктаган. Жыйырма бир жыл азыркы Аксы районунда элге билим берүү бөлүмүн башкарган. Мамыт агай Кыргыз республикасынын эл агартуусунун отличниги, Кыргыз республикасынын эмгек синирген мугалими, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңиштин 40 жылдыгы медалы, «Ветеран труда» медалы менен сыйланган жана СССР агартуу жана илимий кызматкерлеринин профсоюздарынын Ардак Грамотасы менен, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президумунун Ардак Грамотасынын жана Кыргыз республикасынын Даңк медалын алууга татыктуу болгон. Бул сыйлыктарды ал киши айрым адамдардай артынан жүгүрүп, же сатып алган жок, нак, таза, ак ниет эмгеги үчүн алды.

Дал мына ушундай билим берүүнүн могиканы, Аксынын залкар уулу дүйнөдөн өттү. Аксыдагы билим берүүнүн алпы өттү. Өткөндө да кызык өттү. Бул адам «кошконуң менен кошо кары, кошконуң менен кошо ары» деген Кыргыздын ак батасын алган адам экен, токсонго карап калган кезинде байбичеси Башира эне өткөн күндүн эртеси, байбичем сапар чеккен болсо, менин бул жалганда дүйнөдө калганым жарабас деп эртеси 90 жаш курагында Мамыт аке чың дүйнөгө сапар тартты. Көптөр мындай өлүм көп жылдардан бери болгон эмес дешсе, көптөрү мага да ушундай өлүм берсе дешти. Аксы районунун эле эмес жалпы Кыргыз респуб ликасынын агартуу тармагы чоң жоготууга учурады. Анткени  мезгилинде Мамыт аке Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондору биригип Жаңы-Жол району болуп турган мезгилде агартуу тармагын жетектеп бул аймактарда билим берүүнү өнүктүрүүгө чоң салым кошкондугун замандаштары эскеришип айтып олтурат. Белгилеп кетүүчү несре бул аймактагы эле адамдар эмес орус, чечен, украин, өзбектерин кошо окуткан адам болгон.Мугалимдер балдарды окутту, Мамыт агай өзүнүн тубаса педагогтук асыл сапаты менен мугалимдерди окутту. Бир кызыктуу маалыматка токтолсок жакында эле кызы Гүлмираны  Чеченстандын борбору Грозныйга Мамыт аке окуткан окуучулары чакырышып, алар Кыргыз элинин салт санаасы менен тосуп алышып, Кыргыз ырларын ырдашып, чыныгы кыргызча сүйлөшүп, урмат сый көрсөтүшүп, Мамыт агайдын акыбалын сурашып, ысык салам жолдошкондугу Мамыт акенин ишинин акыбети десек болот. Ошол чечен Дади Абдуллаев  дегени ушул жерде кыргызча окуп, мектепке мугалим болуп жүрүп пенсияга чыккан,  Элбаратов Агай дегени    Аксыда кыргыз тилинде окуп билим алып, Кыргыз тилинде жогорку окуу жайын бүтүп анан Грозныйга барып мектептин директору болуп иштеп Чечендерге билим берип жатышы бир жагы сыймыктана турган иш. Алар азыр деле өздөрүн Кыргыздын чеченибиз дешип коюшат экен. Мамыт акени устаты жана окуткан агайы катары унутушпаптыр.            Андан сырткары республикага белгилүү  илимдин канидаттары, доктор лору, Аксынын чыгаан жигиттери мына ушул Мамыт аке райондук элге билим берүү бөлүмүн башкарып турган кездерде билим тарбия алышкан.

Мамыт агай Абылкасымов элге билим берүү бөлүмүн башкарып турган мезгилде мектеп менен чарбанын ортосунда айрыма жок болуп, чарбалык иштердин 70 пайызын мектептер аткарып калган мезгилдерде да билим берүүнүн жогорку сапатын камсыз кылып турган. Мектеп окуучуларынын атуулдук, сезимдери абдан жогору болгон. Чыгаан педагог мына ушул иштерге жол тапкан, мектептердин көбүн жаңылап, жаңы окуу корпустарга киргизген.

Мамат агайдын эмгек жолун жазып олтурсаң ал өзүнчө чоң тарых, мен журналист катары өзүм баалаган гана сапаттарын айтып кетейин демекчимин. Ошол СССРдин мезгилинде «Дин элдин башын айландырган апийим» деп турган учурда силердин саясатыңар туура деп коюп, өзү арабча окуп, куранды, намаз окуганды унутпай, Ислам боюнча да мыкты билимге ээ болуп жүргөндүгүн бир да адам билбеген экен. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин республикабыз эгемендүүлүгүн алгандан кийин Мамыт агай молдолордун агайы болуп чыга келди. Көп молдолорду оңдоп, аларды жолго салды, көбүнө устатат болду. Мамыт аке кайтыш болуп акыркы сапарга узатуу алдында Дилмурат ажы менин ушул оюмду бышыктап, Мамыт аке менин улуу устатым деп айтты. Балдарына да кандай жүрүш туруш керектигин, намаз окуп, таза жүрүшү тууралуу атайын керезин жазып калтырып кетиптир.

Мамыт акенини акылмандыгы, алдыны көрө билгендиги, чынгы педагогтугу, тубаса илипоздугун айгинелеп турду. Бирок ушул адамга деле айрым адамдардын көралбастыгынан, залкар инсанга баа бере албстыгынан, каныбызга бүткөн кыргызчылыгыбыздан «Эл мугалими» наамын албай өтүп кетти, ушул ардактуу  наам берилбеди.

Журналисттик иш менен бир күнү үйүнө бардым, «Мамыт аке элге кылган кызматыңызды айтып бериңиз мен телеге тартайын деп келдим» десем, балам сен билесин мен кандай эмгектерди кылдым, мен мактанганды жакшы көрбөймүн, карапайым адам катары жүрөйүн, эмгекти эл бааласын деп койду. Мына ушундай залкар инсан эле. Чындыгында кыргыз мыктысын көзү өткөндөн кийин мактайт. Ага чейин бул адам мактаганга жол берген эмес, мактаганды сүйчү эмес. Менин бул чакан макаланы жазышымды башкы себеби бул жаштарга сабак болуп калсын деген эле тилегим. Мамыт аке 1960-жылдан 1981-жылга чейин Аксы райондук  элге билим берүү тармагын жетектеп билим берүүдөгү райондун мектептеринин жаратып жаткан ийгиликтери менен Республикалык өтмө Кызыл тууну бир нече жолу жеңип алууга татыктуу болгон.Аксы районунун мектептеринде ондон ашык мугалимдер Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери болушкан. Алардын катарында Турдуш Султамуратов, Бекболот Исабаев, Өктөмкан Эргешова жана башкалардын аттарын атоого болот. Агайдын жолун жолдошуп билим берүү тармагында чоң кызматтарды кылып келишти.

Мамыт Агай Абылкасымов өмүрлүк жолдошу, байбичеси Башира эне менен түбөлүк өмүр сүрүп, тең карып өмүр кечирүү менен   4 кыз, 3 уулдун ата энеси болушуп, жыйырма алты небере, жыйырма жети чебере көрдү. Балдарына   терең билим берип, мыкты адамдардан кылып тарбиялашты. Алар да ата жолун улантышып, өз күчтөрү менен элине ак кызмат кылып  жатышат.

 Аксынын белгилүү чыгаан уулдары Темиркул Уметалиев, Жунай Мавлянов, Төлөгөн Касымбеков, Салибай Шатманов сыяктуу мыкты уулдары менен замандаш болуп, алар менен үзөнгүлөш жолдош, бирине ини, бирине ага болуп жүрдү. Мына ушундай залкар инсандарыбыздын катарында Аксы районундагы билим берүү тармагынын алпы катары элинин эсинде калды. Бул адам элге окшоп эстелигин койдурган жок, мен мындай иштерди жасадым эле деп мактанган жок, жөнөкөй жупуну адам караты эли  менен болуп, керек учурда акыл насаатын айтып, ак жана калыс жашап өттү десем жаңылышкандык болбойт. Мамыт аке дал ушундай адам эле. Ошол илгертен айтылып келгендей Улуу адамдар жөнөкөй, кичи пейил, сылык болгондугу ал ошол адамдын билим дүүлүгү, чыныгы алым болгондугун айгинелеп турбайбы. Токсон жыл жашаган болсо анын 80 жылында элге кызмат кылды. Анткени Мамыт акенин балалык кези турмуштун дал ошондой каатчылык мезгилине туура келди. «Тарыхта калган изи бар, Аксыда нарктуу киши бар» деген китеп альбомунда сүрөтү менен чыгарып, жанына ыр жазып чыгардым эле.

Мактасам барсыз Бакайдай,

Илим деп үйдө жаталбай.

Өстүрүп чыктын далайын,

Каат мезгилде жалтанбай.

Башкармалыктан келип бул ишке,

Тарбия жаатына киришсе.

Ал кезде жатып алып жазчу экен,

Ошону азыркы жаштар билишсе.

Аксы элинин Дүйшөнү,

Макем, окуп келген эки дүйнөнү.

Азыр молдолорду окутуп,

Имам болуп жүрөт үйдөгү.

Деп мактасам балам жакшы жазыпсың, бирок көп мактабай жүр деген. Сүрөткө түшүүнү, теледен чыгууну анчалык сүйчү эмес.

Мамыт акебиз өзүнүн 90 жылдык өмүрүндө ысык сууктун далайын башынанан өткөрдү.Жакшы жаманды көп көрдү,баарына топук кылды, алайын, жулайын дебеди. Мына ошол асыл сапатын Мамыт акебиздин 60 жылдык мааракесинде мындан отуз жыл мурда акын,Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Ташбай Жоробеков мындайча ырдаган эле. Ошол саптар толук болбосо да эсимде сакталып калыптыр.

Бала кезде бөпөлөп,

Бактыга бизди жетелеп.

Агай болуп окуттуң,

Алиге эстен кете элек.

Артыңдан калбай жүрчү элек,

Ада биз жашпыз эселек.

Өзүңдөн алдык билимди.

Мамыке,

Буруп кой ырга дилиңди.

Өзүң менен тен кечтик,

Өркөчтөнгөн иримди.

Математик боло албай,

Мен болсо,

Өстүрүп кеттим тилимди.

Эл үчүн иштеп талкпай,

Эмгегиң көпкө билинди.

Ардактаймын,сыйлаймын,

Кут боло берсин Мамыке,

Алтымыш жашың бүгүнкү.

Таанылдың журттун баарына,

Талыкпастан чамына.

Татыктуу болуп бөлөндүң,

Таалайдын алкыш,шаңына.

Тарас бойлуу Мамыкем,

Тамчы эмес бизге дарыя.

Бапырап элди тосо бер,

Бакайдай болгон карыя.

Андан да жакшы болмокчу,

Алтын тоюн алтымыш,

Аялың менен кошулуп,

Аткарып берсе ария.

Аткенимдин себебин,

Азыр айтып беремин.

Башкага бурбай бул жерде,

Байкасак сөздүн ченемин.

Агай болсо маалында,

Атайда эле ырчы эле.

Аял,эркек, жаш, кары,

Абаз кылып турчу эле.

А түгүл тигил борбордон,

Артисттер көнүл бурчу эле.

Таасындап эгер мен айтсам,

Таланттуу эле, ырчы эле.

Өз ишине өтө тың,

Өкүм эле,курч эле.

Өсүшүн баалап жаштардын,

Өстүргөн Макем сынчы эле.

Илимпоз, акын,жазуучу,

Ийилип ызаат кылчу эле.

Ал эми Барпынын уулу Боронтай,

Айылда жүрчү кыйкырып,

Отличник боло албай,

Абдан болду кубаныч,

Ал белгини такканың,

Мен болсо,

Абдырамандын жемин жеп,

Аябай анда аксадым.

Көпчүлүктүн алдында,

Көрүнбөдү таскагым.

Он беш жыл иштеп Тельманда,

Оңолуп барат басканым.

Таарынба, Маке таарынба,

Тамаша кылып жатканым.

Тарбия таалим жагынан,

Такшалды жаштар абыдан.

Суутпай байге алууда,

Суурулуп чыгып сабынан.

Сандаган ошол ийгилик,

Сиздей саяпкердин барынан.

Мына бир кезде,

Бектип элге көргөзбөй,

Бекболотту таптадың,

Бели кетип калат деп,

Белестүү жерге чаппадың.

Акыры байге алат деп,

Аздектедиң, шашпадың.

Анан төргө жарар ушул деп,

Бөлөңдү төрт жыл мактадың.

Сакадай болгон Макемдин,

Санаттап айтчу жөнү бар.

Сакалы эле болбосо,

Саякбайдай өңү бар.

Карылыкка бой бербей,

Капкара чачын көрүп ал,

Сүрөттөп ушул турушту,

Сүйлөшө келсең сөзү бал.

Жашаңыз токсон,жүздөрдү.

Жаштарга жазып мемуар.

Элге билим берүүдө,

Эмгегиңиз көп дейбиз.

Такшалып алга өсүүдө,

Тажырыйбанызды эстейбиз.

Маселе болсо эң оор,

Мамакемсиз чечпейбиз.

Кыраакы сиздей барында,

Кыйындыкты сезбейбиз.

Карыя болуп көп жашаң,

Кантип сизден четтейбиз.

Абайлап чынын айтканда,

Архимед айткан кептейсиз.

Алыскы жолго жароочу,

Атан төө-Лөктөйсүз.

Арыбастан, талбастан.

Алтымышка келдиңиз.

Ак калпактуу эл үчүн,

Ак эмгек кылып бердиңиз.

Ишмердиктен тала элек,

Иштөөчүдөй белгиңиз.

Токсондогу агай деп,

Тоюңду келет көргүбүз.

Эми кут болсун ушул алтымыш,

Алдыда далай ашуу бар,

Чарчабастан ашыңыз.

Кудай берип өмүр жаш,

Бар болсун алтын башыңыз.

Ыңгайы келсе чарчабай,

Токсондон нары ашыңыз.

Ыр толук болбой калган болсо автордо кечирим сураймын, анткени төгүр ырдаган ырды толук сактап калуу,анын үстүнө отуз жылдан кийин эстөө бир топ кыйын экен. Балким саптар алмашып кетиши мүмкүн. Абдымомун Калбаев.

Мамыт агай Аксы элинин чыгаан уулдарынын бири болчу. Агайдын жаркын элеси элинин эсинде түбөлүккө сакталып калат деген ойдомун. Мамыт агайдын асыл сапаттары тууралуу айтылчу сөздөр али алдыда.

error: Content is protected !!