ЮНИСЕФ 400 мектепке гигиеналык каражаттарды берди -ФОТО

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине өлкөнүн бардык аймактарындагы 400 мектептин окуучулары үчүн гигиеналык каражаттарды берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Уюм тарабынан берилген жалпы 32 тонна суюк самын, 28 тонна санитайзер жана башка гигиеналык каражаттар өлкөнүн өтө муктаж болгон мектептерине жөнөтүлөт.

error: Content is protected !!