Улуттун улук уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР Баатыры Султан Ибраимов бу жалганда болгону 53 жыл гана жашады. 1980-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советин жетектеп турган учурда 3-декабрда Чолпон-Ата мамлекеттик резиденциясында күтүлбөгөн каргашалуу окуя орун алып, оорулуу Александр Смагиндин колунан ажал тапканы ушул учурга чейин жандырмагы чиелешкен табышмак бойдон катылып келет. Бул суук кабар бүтүндөй кыргыз калкын мүңкүрөттү. Атаганат, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында көчөгө эл батпай калганын замандаштары уламыш катары узун кеп кылып келет. Маани берген пендеге мунун да жөнү болуш керек.
Коомдук ишмер Бараталы Кошматов: “ИШ БИЛГИ ИРРИГАТОР ЭЛЕ”
Мен ирригатор катары кесиптеш-устатым Султан Ибраимовдун басып өткөн өрнөктүү өмүр жолун эскерүүнү сыймык сезем. Анткени, бул кыргыздын чыныгы уулун көрүп-билип калган жайым бар. Институтту бүтүп келгенден кийин иштеген жумушумдун башчысы да Ибраимов болгон. Аты Ишембай. Бул адамдан кесиптин сырын үйрөндүм. Төрт-күл СМУсунун начальниги катары Султан Ибраимов жөнүндө көп билгендерин айтып берер эле. Көрсө Ташкенттеги ирригация жана айыл чарбасын механизациялаштыруу институтунда бирге окушкан экен. Ошондуктан обкомдун биринчи катчысынын кабыл алуусуна, үйүнө түз киргенге мүмкүнчүлүгү болгон экен. Султан Ибраимовдун мен баалаган жогорку сыпат – адамдардан жумушун кызыгып сурабаганы. Адегенде ден соолугун, турмуш-шартын, ой-максаттарын сурар эле. Мен Төрт-Күл суу сактагычында магистралдык каналдардын курулушуна прораб катары катышып жүрүп, Султан Ибраимовго көп жолуктум. Обкомдун биринчи катчысы ГАЗ-21 үлгүсүндөгү эски волгасына олтуруп алып, Кадамжай аркылуу айланып, суу сактагычтын курулушу менен таанышып, куруучуларга жолугуп, алардын ахвалдарына кызыгып баарлашып калчу. Төрт-Күл суу сактагычы болбогондо Баткен облусу эмес, Баткен район да болмок эмес. Себеби, азыр райондо 14 миң гектар сугат аянты болсо, анын 10 миң гектары Төрт-күл суу сактагычынын шарапаты менен суулуу жер болуп калды. Суу сактагыч ишке берилгенден кийин жаңы совхоз түптөлдү. Чарба деген өзүнчө бир комплекс эле. Анткени, анда турак-жай, жол, маданий тармак, мал чарбасы баары болгон.
Султан Ибраимовдун кыраакылыгы – иштин башын чек арадан баштатчу эле. Бош жаткан жерлерди эч ким талашпайт да. Биз ал кишинин мындай көрсөтмөсүнө таң калчу элек. Эгер берки жактан баштап барсаң чек арага жакын калганда көйгөй өзүнөн-өзү пайда болмок. Бул Султан Ибраимовдун алысты көрө билген көрөгөчтүгүнүн далили деп ойлойм.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Рашбек Асанов: “САХНАДАГЫ БАКЫТ”
Калп айткан менен болобу, улуу инсандын образын сахнага алып чыгуу жеңил эмес экенин ошол саам туйганым азыркыга чейин эсимде. Эми биздин кесип ушундай. Талант Апиев анда бизге жаңы келген режиссер эле, азыр эми театрыбыздын башкы режиссеру. Атына заты келишкен талант. Туптуура эки ай репетиция өткөрдүк. Султан Ибраимов жөнүндө маалыматтарды окуп чыктым. Областын баарын дебейин бир топ райондорду кыдырдым. Андагы эмгектин ардагерлерине жолуктум. “Кыргызстан маданияты” гезитине Рева эже менен болгон кызыктуу маек жарык көргөн. Ошол мага көп таасир этти. Султан авамдын жубайы Рева эжеге жолугуп, улуу ишмердин баскан-турганын, тамак ичкенин, күлгөнүн айтор баарын кызыгып сурадым. Эже ал кишинин өзгөчө балдарды жакшы көрөрүн жашырбады. Анан кадырман карыларды да айрыкча сыйларын, камкордук көрөрүн, баарын ирети менен айтып берди. Эми Султан авам менен Рева эже экөөн кудай кошкон бактылуу жубайлар. 1997-жылы 23-февралда “Эрте өчкөн жылдыз” спектаклинин бет ачары өтмөй болуп калды. Күн мурунтадан афишалар шаардын бардык жерлерине илинген. Ошол кезде республикабыздын белгилүү ишмер инсандарынын бири Жаныш Рустанбеков келип, областтагы бардык райондордогу Султан Ибраимовду билген ардагерлерди чогултту. Премьера учуру. Зал көрүүчүлөргө толуп, оруну жок туруп тургандар да арбын. Алардын көпчүлүгү кечээ эле Султан авам менен бирге жүргөндөр. Ошондуктан алардын көз алдында сахнада улуу инсандын ролун ойноо кыйын экен. Чыгармадагы образга, окуяга аралашып кетип, спектаклдин кандайча бүткөнү билинбей калды. Ар кайсы улуттун өкүлдөрү спектакль аяктагандан кийин сахнага чыгышып, колумду коё бербей улам бири алмак-салмак бекем кармап, гүлдөрүн тапшырып, бетимден өөп жатышты. Бул менин жашоомдогу кайталангыс көз ирмем катары жашап келет… Эсимде ошондо белгилүү ардактуу ардагер Абдиваит Тажибаев сахнага чыгып: “Суу сактагычтарга, каналдарга, көчөлөргө белгилүү адамдарыбыздын атын бергенге машпыз. Султан Ибраимовдун атын мына ушул ак сарайга берели. Анткени, бул маданият очогунун курулушу башталгандан бүткөнчө ушул жерде болгон. Демек, эмгеги зор” – деген сунушун айтканда залдагылар дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп жиберген.. Ошону менен куттуу драма театрыбызга Султан авамдын аты ыйгарылды. Буга “Эрте өчкөн жылдыз” спектаклинин таасири түздөн-түз тийди деп ойлойм.
Коомдук ишмен Абдибаит Тажибаев: “ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ”
Султан Ибраимовдун жогу азыр да сезилип турат. Ушундай залкар адамдар бийликке келгенде элдин деле багы ачылбайт беле. Мурунку союз курамындагы республикалар арасында өнүккөн өлкөгө айланмакпыз. Себеби, көп кишилерде жок касиет бул адамда бар эле. Мына мен деле бир топ жашка келип калдым. Бирок, мындай жароокер, боорукер, сылык-сыпайы адамды кезиктирген эмесмин. Бирөөнүн көңүлүн оорутпаган пенде эле. Ата-энесинин тарбиясынанбы, же табиятынанбы пайгамбардай инсан болчу. Оор иш болсо да аны кабагым-кашым дебей бүткөрчү. Анысын жан билчү эмес.
Чаткал районуна жетекчи болуп бардым. Башынан аягына чейин 100 чакырым экен. Кенен жер. Өрөөндөрдөн аккан суулар мол. Жайдын саратаны болсо да мөңгүлөр эрибептир. Жергиликтүү эл Былтыркы кыштын оор болгонун айтышты. Чаткал бир кезде Таласка да караган. Кийин оштун карамагына өткөндө он жети чарба болгон экен. Бара-бара бир совхозго айланып, болгону бул аймакта 1200 – 1400 адам жашаптыр. Калгандары тарап кетишиптир. Өзбекстан КП БКнын биринчи катчысы Шараф Рашидов КПССтин ХХҮ сьездинде “Чаткал өрөөнүнө төрт суу сактагычтын долбоорун даярдап койгонбуз. Эгер аларды ишке ашырсак анда “Чарбак” суусактагычына зор көлөмдөгү суу топтоп, канча жерлер өздөштүрүлүп, пахтанын мамлекетке тапшыруу көрсөткүчүн дагы көбөйтүүгө негиз түзүлмөк” деп сүйлөгөн экен. Кийин мен атайын гезиттен таап окудум. Чын экен. Ал тургай КПСС БКга кат жазыптыр “Чаткалга капиталдык курулуштар курулбасын. Биз суу сактагычтарды курабыз” дегенин уккан элдин көбү көчүп кетишиптир. Биринчиси – Баркырак, экинчиси – Беш-Арал, үчүнчүсү – Акташ, төртүнчүсү – Чаткал суу сактагычы каскаддарынын долбоору даярдалган экен. Ошолорду куруу милдети тапшырылды. Элди көтөрүп катуу иш башталды. Ушунтип жүрүп Чаткалды өзүнчө районго айландарганбыз. Мында албетте, Султан Ибраимовичтин эмгеги зор.
Журналист, жазуучу Кадыр Калилов: “КЫЛЫМГЕ ТЕТЕ ӨМҮР”
Улуттук идеологияны эл арасында аңызга айланып муундан муунга мурас катары айтылып келген накыл, нуска сөз түзөт. Мен бул нуска кеп тизмегине “Бир адамдын көңүлүн калтыруу, бүтүндөй бир айылдын ынтымагын ыдыратканга барабар!”- деген акылмандын сөзүн кошоор элем. Бул макал көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго таандык. Күндөлүктө жазылган накыл кеп автордун кандай инсан экенин айгинелеп турат. Сөз ээсинин ким экенине ушул үлгү сөздөн улам калыс баа берсе болот. Боорукер, бирөөнүн көңүлүн калтыргысы келбеген, айкөл, кечиримдүү, сылык-сыпайы, жөнөкөй, кыраакы, акылман, көсөм, көрөгөч улут уулунун жүрөгүнөн айтылган, уккандын жан дүйнөсүнө жылуулук түнөткөн сөздүн улуулугу, касиети, үлкөндүгү мына ушунда. Адатта, артта калган тарыхыбызга сарасеп салмай салтыбыз бар эмеспи. Эгер көзү өтүп кеткен, азыр арабызда жок жетекчилерибиз өңүтүндө кеп учугу уланганда эл башкарууда, калк жетектөөдө, журтка туура багыт берүүдө таза кызмат өтөгөн ишмер инсандарыбызды санай келгенде эсептелүү гана. Ошолордун арасынан мен жеке өзүмдүн көз карашымда эки гана ишмер жетекчини таза инсанкатары калкыма сыймык менен айтаар элем. Алардын бири маалында аткарган ишине калыс баа берилип:”ХХ1 кылымдын гомери” аталган замандаштарынын улуу сөзүнө татыган, кыргыздын көзгө басар жетик жетекчиси Исхак Раззаков. Экинчиси – улутубуздун чыгаан уулу Султан Ибраимов. Бул эки инсандагы окшош касиеттерди астейдил ишмердиктерине назар арткан адам ачык баамдары талашсыз. Экөө тең элим, жерим, ыйык мекеним деп жүрүп, далай ниет арткан тилек, кыялдары ишке ашпай, көкүрөктөрүнө тумар бойдон катылып, оо дүйнө тартып кете беришти. Алардын дилиндеги журту үчүн дагы далай жасайын деген тилектери ишке ашпаганы арман. Жалаң иш деп жүрүп, жердеш эмне экенин, тууган эмне экенин этибарга албаган эки жетекчинин карааны азыр көктөгү чаң жукпаган жылдыздардын арасында түбөлүк өчпөй жанып тургансыйт. Алар эчен кылымдарды карытчу, улутубуздун улуулугун даңазалаган кош жылдыз катары кийинки муундарга жарыкчачып тура берет. Булардын артта калтырып кеткен түбөлүк адамдык бийик сапаттары муундан муунга аңыз болуп айтыла берсин, ылайым!
Айзада ДЕРКЕМБАЕВА