Өлкөбүздө мамлекеттик тилдин 32 жылдыгын белгилейбиз. Кезинде Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Кыргыз тили байыркы бай тилдердин бири экендиги тарых барактарында маалымдалат. Бүгүнкү заманбап жашоо, технологиянын өнүгүшү, неологизмдердин пайда болушу да кыргыз тилин байытып келет. Мамлекет тарабынан кыргыз тилин үйрөнүү боюнча аракеттер жасалган менен коомубузда өз тилинде кыйналып сүйлөгөндөр жок эмес. Ушундан улам кыргыз тилин кандай жол менен өнүктүрөбүз деген суроого төмөндөгүдөй жоопторду алдык.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, филология илимдеринин кандидаты Назгүл Турдубаева: “Түрк тилин үйрөтүү методикасы жогорку деңгээлде”
— “Элдин өмүрү — анын тилинде”, — дейт залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө канчалык аракет кылган менен эне тилибизге болгон мамилебиз солгун. Жаштарыбыз эле эмес, улуу муундагылар да коомдук жайларда, иш-чараларда расмий тилде гана сүйлөшөт. Ага карабай мамлекеттик деңгээлде кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча канчалаган программалар кабыл алынууда. Жакында эле “2021-жылдан 2025-жылга чейин мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү программасы” Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиясы тарабынан бекитилди. Учурда мамлекеттик тилди өз деңгээлинде өнүктүрүүгө кантип жол ачабыз? Биринчиден, тилди өнүктүрүүгө укуктук базаны чыңдоо керек, экинчиден, кыргыз тилин окутуунун методикасын, техникасын өнүктүрүү зарыл. Үчүнчүдөн, кыргыз тилин чет тили катары кыргызстандык башка улуттарга окутууну камсыздоо, үйрөтүү, төртүнчүдөн, окутууда колдонмолордун электрондук түрүн иштеп чыгуу керек. Мындан сырткары, кыргыз тилинин илимий академиясынын академиялык жигердүүлүгүн өнүктүрүү жана мамлекеттик тилде кесиптик билим берүүнүн технологиясын иштеп чыгуу зарыл. Ошондой эле кыргыз тили терминологиясын жана аномастикасын түзүп, аны өнүктүрүү жана мамлекеттик тилди санариптештирүү милдети турат. Мисалы, түрк тилин үйрөтүү методикасы жогорку деңгээлде өнүккөн. Өзүм түрк тилин үйрөнгөндө алардын методикасына абдан баа бердим. Биз да бул тажрыйбаны колдонуубуз керек.
Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директорунун орун басары Светлана Мамбеталиева: “Китеп окуу сынагы тил көйгөйүн жеңет”
— Кыргыз тилиндеги китептерди окуу боюнча сынактарды уюштуруу эне тилибизди өнүктүрүүгө жакшы жардамын берет. Жакында биз жашаган конушта мектеп окуучуларынын арасында “Полианна чоңоюда” деген китепти окуу боюнча сынак өткөрүлдү. Жыйынтыгында балдар кайсыл тилде көп сүйлөөрү өзү эле билинет экен. Ал эми “Бир өлкөнүн үндүү сырлары” деген китепти окуу сынагы чоңдор үчүн уюштурулду. Жаңы өсүп келе жаткан муундар тургай, улуулар арасында да кыргыз тилинде китептерди окубай турганы аныкталып калды. Адамдардын кыргызча билимин аныктай турган ушундай сынактар көп болсо деген ойдо калдык. Шаар жериндеги мектептерде мамлекеттик тилде эркин сүйлөөгө байланышкан иш-чаралар уюштурулуп турса, тилди үйрөнүүгө абдан жакшы таасири тиймек. Бирок, мектепте кыргыз тилин жакшы билген окуучу жогорку окуу жайына киргенде өз тилин унута баштайт. Анткени ал жерде китептери орус тилинде.
Мындан сырткары, кыргыз тилиндеги кыска метраждуу фильмдерде айрым сөздөрү орус тилинде сүйлөнгөн кинолор бар. Кинону орус тилин аралаштырбай тартса, эне тилибиздин кадыры артмак. Кино тармагы дагы эне тилди үйрөтүүгө зор салымын кошот деп ойлойм. Мисалга алсак, “Ак шоола” тасмасы кыргыздын нукура сөздөрү менен тартылган. Ушул кинодон улам кыргыз тилинин казынасы бай экенин түшүнсөк болот.
Коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков: “Кыргыз тилиндеги мультфильмдер тил үйрөтүүгө жардамын берет”
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 2010-жылдан бери Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясына тилди өнүктүрүү, кыргыз тилине которулган чыгармаларды басуу жана башка сынактарды уюштуруу үчүн мамлекет тарабынан каражаттар бөлүнүп жатат. Учурда мамлекеттик кызматка кирүү алдында кыргыз тилинен тест тапшырып, тилди билүү деңгээли текшерилет. Мындан сырткары, Googl котормочуга адистер тарабынан миңдеген кыргызча сөздөр киргизилди. Бирок, ушундай аракеттер жүрүп жатканы менен мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары кыргыз тилине толук которулуп, ишке киргизилген жок. Канчалык тилди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар жасалса да аксап келебиз. Мындан сырткары, учурда интернеттин, телефондун заманы. Телефонду ачканда эле балдарга ылайыктуу тиркемеде орус же англис тилиндеги оюндар, мультфильмдер кездешет. Аны көргөн баланын тили орус, англис тилинде чыгат. Ошондуктан, бала бакчадагылар үчүн тарбиялык маанидеги чет элдик мультфильмдерди кыргызча которуп, мобилдик тиркемеге жүктөп койсо, балдардын тили эне тилге бат жатыгып, эс-тутумуна сиңмек.
Асел Барыктабасова