Туура тандоо жасап, өз тагдырыбыздын куруучусу бололу

«Кыргызстандын Президенти жана бардыгыбыз шайлоо таза өтүшүн каалайбыз» дегенде «каалайбыз» деген сөз ашыкча. Анткени ал толук ойду бербейт-дейт КРнын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы, КР Президентине караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин мүчөсү Ялкун Даутов.

Анткени бардык шайлоолор анын ичинде Жогорку Кеңештин шайлоолору жарандар кааласа да каалабаса да таза өтүшү керек.

Кандай болгон күндө да бардыгыбыз мыйзамдуу иш алып барышыбыз зарыл. Анткени шайлоонун таза өтүшү – бул ар бир жарандын анын ичинде Президенттин жана бардык бийлик бутактарынын мыйзам, мамлекет алдындагы ыйык парзы.

Албетте, шайлоонун таза өтүшү элдин каалоосу. Кептин баары аны толук кандуу камсыздай алышабы? Мурунку жагымсыз көрүнүштөр кайталанбайбы? Чындыгында Жогорку Кеңештин жүгүн аркалап кете ала тургандардын келишин күтөбүз. Бул боюнча Ялкун Даутов өз оюн теориялык негизде баяндап берди:

«Биз Жогорку Кеңештин шайлоосунун 4 теориялык сценарийин карап көрсөк:

  Сценарийдин номериСценарийдин максатыБолжол менен боло турган сценарий  Коомчулукка туура келеби?
   1.Шайлоонун таза эмес өтүшү +ЖКнын таза эмес иш төөсүТурмуштун агымына жараша иштей берет  Таптакыр туура келбейт
   2.Шайлоонун таза эмес өтүшү + Жогорку Кеңештин таза иштешиЖыйынтык жакшы натыйжа бербейт. Анткени таза эмес адамдардын келиши күмөндүү ойлорду жарататТаптакыр туура келбейт. Анткени мындай болушу мүмкүн эмес.
   3.Шайлоонун таза өтүшү +ЖКнын таза эмес иштеши  Болушу мүмкүн  Башында эйфорияга алдырып иштеши мүмкүн бирок бара- бара көңүл калуу орун алат. Андыктан мындай сценарий туура келбейт.
   4.Шайлоонун таза өтүшү + ЖКнын таза иштешиМындай сценарий толугу менен ишке ашышы мүмкүнТуура келет.

Бул жөнөкөй таблицада: Президент, анын командасы жана саясий партиялардын лидерлери жана он миңдеген шайлоочулар шайлоонун таза өтүшүн камсыздаса №3 жана №4 сценарий толугу менен иштеши мүмкүн экендигин байкасак болот.


Эгерде миндеген адамдар учурдагы Президенттин сөзүнө кулак төшөп акыйкат шайлоого өзүлөрүнүн салымын кошсо, анда Президент баш болуп ар бир шайлоону таза өткөрүүгө салымы бар адам Мартин Лютер Кинг айткандай өз тагдырынын куруучусу болуп калат.
2021–жылдын 27-августунда Президент «Жогорку Кеңештин депутаттарын жана КР Президентин шайлоо тууралуу мыйзам долбооруна кол койду.

Бул өзгөрүүлөргө ылайык 28 – ноябрда ЖК депуттарын шайлоо аралаш шайлоо системасы менен өтөт. Жогорку Кеңештин жаңы түзүмү 90 депутаттан турат. Анын 54ү пропорционалдык система менен калганы бир мандаттуу округдан шайланат. Бул партиялык пропорционалдык системага караганда жакшы, себеби шайлоо округунан талапкер канча добуш алгандыгына байланыштуу орундар дагы ошого жараша бөлүнөт.

Биз Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 5- октябрында 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата сүйлөгөн сөздөрүн келтирсек, «башка өлкөлөрдүн мисалы Канада, Австралия жана башкалардын тажрыйбасына таянсак өнүккөн өлкө болуш үчүн өнөр жайы өнүккөн АКШ, Германия, Жапония болушу шарт эмес. Болгону өлкөдө салык системасында тактык, акыйкаттык болушу керек жана мамлекеттик кызматкерлер таза жана мамлекеттин кызыкчылыгына иштеши керек».

Ошентип 28 – ноябрга чейин 2 жумадан аз убакыт калды. Кандай болгон күндө да жакшылыктан үмүт үзбөй туралы. Эң негизгиси шайлоого ар бир шайлоочу катышып өз тандоосун жасашы керек,- дейт Ялкун Даутов.

error: Content is protected !!