Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго,
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К. Т. Зулушевге,
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри У. О. Ниязбековго
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну Токтобүбү Назарматова жана анын мыйзамдуу өкүлү Исмаил Токобаев акыйкат издеп кайрылат.
Токтобүбү Назарматова бөөдө кырсыктын кесепетинен 12 жаштагы уулу Болот Жалиловду жоготуп кан жутуп турат.Тогуз-Торо райондук соту кылмышкер Нарынбек Жолдошовду үч жылдык мөөнөткөүй камагына бошоткондугу эненинкайгысынын үстүнө кайгы кошкон. Акыйкаттык издеп, көз жашын тыя албаган эне буларга токтолду:
“Бул каргашалуу окуя ушул жылдын 19-апрелинде кечки саат жетиден бир аз убакыт өтүп калган учурда болду. 6-класста окуган уулум Болот Жалилов күндөгүдөй сабактан чыгып, балдар менен аллеяда келе жаткан. Бир убакта элеНарынбек Жолдошов“Хонда Одиссей”үлгүсүндөгү унаасы менен 160-180 ылдамдыкта келип, баламды сүзөт. Көргөндөр уулум жерден бир топ өйдөкөтөрүлүп барып жерге түшкөндүгүн айтышты. Бул окуяга үч адам күбө болгон. Анын бирөөсүбаламды сүзгөн Нарынбек Жолдошовдун бир тууган таякеси Ниязакун уулу Азамат. Ал киши “Ауди” үлгүсүндөгү унаасын жолдун чок ортосуна токтотуп коюп, кырсыктын чыгышына себепчи болгон.
Уулумду сүзгөн Нарынбек эч жардам бербестен, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул иш Тогуз-Торо райондук ишки иштер бөлүмүндө катталып, тергөөчү Гүлайна Эпеева иликтөө амалдарын баштайт. Бирок, ал үч күбөнү жана жабырлануучуларды катыштырбастан, кырсык болгон жердеги окуянын чоо-жайын тыкыр иликтеген эмес. Биринчи күбө Иманбердиева Нурперинин жашы жете элек болгондуктан, мыйзамдуу өкүлү жок эки ооз гана сурак алып, анын көрсөтмөлөрүн кылмыш ишине тиркебей койгон. Ал эми экинчи күбө Тойчунов Алтынбек болгон. 21-апрель күнү жолдошум экөөбүзгө уулубузду Нарынбек Жолдошовкантип сүзгөнүн өз көзү менен көргөнүн айтып берген. Кийин анынайткандары эмнегедир бурмаланып, бала өзү чуркап чыкты дегенге өттү. Үчүнчүкүбө Ниязакун уулу Азамат Нарынбектин бир тууган таякеси болгондуктан, анын берген көрсөтмөсүнө ишенүү мүмкүн эмес. Кырсыктын чыгышына себепкер болгон Ниязакун уулу Азаматка карата дагы укуктук баа берилбей, тергөө амалдары жүргөн эмес.
Баламды ушунчалык катуу ылдамдыкта келе жатып сүзгөн экен, бутундагы бут кийимдери ыргып, сумкасы айрылып кетиптир. Балам ошол жерден эле жан бериптир. Уккандар катуу дабыш чыккандыгын айтышты. Мен базардан жаңы эле үйгө келгем, телефонуна чалсам унутуп кетиптир. Угаарым менен чуркап бардым. Оюма эч жамандык келген жок, жаракат алды деп гана ойлодум. Уулумду оорукананын кабыл алуу бөлмөсүнө бетин жаап жаткызып коюшуптур… Андан кийин эмне болгонун билбейм…
Нарын шаарынансудмедэкспертиза келип, балабызды жерге бергенче үч күн өттү. Күнөөлүү тарап ошол убакыт ичинде эле иштин баарын бүткөрүп коюптур. Тергөөчүлөргө деле адамдын өмүрү бир тыйын экен. Окуянын жүрүшүн таптакыр бурмалашыптыр. Атасы экөөбүз райондук прокурорго тергөөчүнү алмаштырып, кайрадан тергөө иштери жүргүзүлсүн деп арыз менен кайрылдык. Бирок, биздин өтүнүчүбүздү угушкан жок, сотко ошол бойдон өткөрүп жиберишти. Жактоочуга акчабыз жок. Айлабыз кетип активист Исмаил Токобаевге кайрылдым.
Райондук соттун өкүмү окулуп жатканда жолдошум экөөбүз жыгылып калбайлы деп бири-бирибизди жөлөп турабыз. Прокурор менен күнөөлүү тараптын жактоочусу бири-бирине көз ымдашат. Залдан чыгып, биз уттук деген маанайда бири-биринин алакандарын чабышып жатпайбы! Мейли, жер же үй талаш маселесинде кол чабышсын. Анан кенедей баланын өлүмүүчүн ошентип кубанып жатышкандары адамкерчиликпи?!Соттун өкүмү канчалык акыйкатсыз чыкканын угуп, жердин катуулугунан гана кирип кете албадым… Өзүбүздү жоготуп койдук… Тигилер сүйүнгөн боюнча бизди карап койбой кетип калышты. Чынын айтайын, ошол жерде өлүп эле калгым келди. Менин ахыбалымды баласын жоготкон эне гана түшүнмөк… Баламдын өлүмү жолбун иттин өлүмүндөй эле болуп калды…
Мени ызалантканы чырактай уулумду өлтүрүп коюп, Нарынбек Жолдошов бир жолу кечирим сурап келген жок. Камакта үч айдан ашык олтуруп, эсине деле келбептир. Курун мойнуна салып алып кечирим сураса, биз жеңилдей түшөт элек го… Адам болгондон кийин күнөөсүн сезип келээр деп күттүм. Көрсө, анда бир адамдын өлүмүнө себеп болдум деген күнөөлүү сезим жок экен. Үйүбүздүн ортосу жакын эле. Соттун чечими чыккандан кийин эки күн той берди. Майрамдагандары бизге чейин угулуп турду.
Ооба, окуядан соң Нарынбек Жолдошовдун туугандары дасторкон көтөрүп кечирим сурап, куран окутуп келишкен болушту. Ушунчалык уятсыз адамдар экен. Бир жолу келгендерин үч жолу келдик, кабыл албай жатышат деп элге ар кандай ушак тарата беришти.
Урматтуу Президент Садыр нургожоевич, Башкы прокурор Курманкул Токторалыевич, ИИМдин министри Улан Омоконоаич, уулумдун өлүмүнө себепкер болгон Нарынбек Жолдошовго карата Тогуз-Торо райондук соту тарабынан чыгарылган адилетсиз чечимди жооко чыгарып, аталган кылымыш ишин өз көзөмөлүңүздөргө алып, акыйкаттуулукту орнотот деген үмүт менен сиздерге кайрылып жатам. Өлкөдө мыйзамдуулук керек деген сиздердин демилгеңиздер болуп жатпайбы!
Жабырлануучунун өкүлү Исмаил Токобаев да төмөнкүлөргө токтолду:
“Каргашалуу окуянын күнөөкөрү Нарынбек Жолдошов баланы сүзгөн учурда өтө мас, бутуна тура албаган абалда болгон. Анын мындай мас абалын райондук ички иштер башкармалыгынынбашчысы Талант Сабырканов жанаанын орун басары Эрнис Бекташов көргөн. Окуя болгондон эки саат өтүп, эсине келгенде гана 12 жашар баланын өлгөндүгүн көрсөтүшкөн. Андан кийин наркологиядан өткөрүп, ичимдик ичкендиги аныкталган. Сотто да Т. Сабырканов, Э. Турсуналиева, З. Кадыркуловалар күбөдөн өтүп, анын өтө мас абалда болгондугун тастыкташкан. Ал эми Э. Бекташов ооруп калгандыгына байланыштуу күбөдөн өтпөй калган.
Судья Аманбек Төлөнбаев, мамлекеттик айыптоочу Мирлан Кожоакматов КРнын ЖКнын 75-беренесинде көрсөтүлгөн “оордотуучу жагдайды” 4, 11-бөлүмдөрүн эске албастан, күнөөкөр айдоочунун таламын талашып, КРнын ЖКнын 83-бөлүмүнүн негизинде пробация менен КРнын ЖПКнын 349-беренеси менен сот залынан токтоосуз бошотуп жиберишкендиги акылга сыя турган ишпи? Кандай болгон күндө да мас айдоочунун кесепетинен алллеяда бейкапар бара жаткан 12 жашар Жалилов Болоттун өмүрү кыйылып жатпайбы?!”.
Жогоруда жабырлануучулар белгилегендей, Тогуз-Торо райондук соту кылмышкер Нарынбек Жолдошовго карата камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, үч жылга үй камагына чыгарып, сот залынан токтоосуз бошотулсун деген өкүм чыгарган.
Тогуз-Торо районунун тергөөчүлөрүнүн ишине жана соттунчечимине нааразы болгон жабырлануучу тарап, кайрадан Жалал-Абад облусутук сотуна кайрылышты. Үмүт үзүлбөйт экен. Чындык чыркырап жерде калбай, акыйкат чечим чыгаар деген ишенимдери өчө элек.
Жагдай тыкыр иликтенбестен, адам өмүрү кыйылып жаткандыгы эске алынбастан, мас абалындагы кылмышкерге жеңил жаза берилгени кандай? Ичимдик ичип алып, автоунаа башкарган адамдарга катуу жаза колдонулмайын, адам өмүрү кыйылган окуялардын аягы тыйылчудай эмес. Кандай жагдай болгон учурда да, бирөөнүн чырактай баласынын өмүрүн кыюуга себепкер болгон кылмышкерге мыйзам чегинде катуу жаза болушу керек. Антпесе, эне кургур боздоп ыйлап тургандай, адам өмүрү эч нерсеге татыбай калбайбы?!
Жылдыз Дыйканова