Тогуз-Торого мобилдүү үй жеткирилди

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында өрттөнүп кеткен Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Чет-Булак айылындагы №8 М.Абдыжапаров атындагы орто мектебине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 даана эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилип, пайдаланууга берилди.

Өрт кырсыгы болжолдуу түрдө электр жабдыктарын пайдаланууда техникалык эрежелердин бузулушунан улам келип чыккан.

Өрттөн жалпы 468 м2 түзгөн имарат толугу менен күйүп кеткен. Анын кесепетинен 1,5 млн сомдук материалдык чыгым келтирилген.

error: Content is protected !!