Таласта өспүрүмдү унаа менен сүзүп, качып кеткендер изделүүдө!

Кечээ, 15-октябрда Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө таңкы саат 04:50дө Манас районунун Чоң-Капка айылында жолдун жээгинде жашы жете элек эркек баланын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, каза болгон баланын денесине кароо жүргүзгөн учурда, ал башынан катуу жаракат алып каза болгодугу такталган. Окуя болгон жерде белгисиз автоунанын дөңгөлөгүнүн ийизи калганы дагы байкалган.

Териштирүү иштеринин алкагында каза болгон бала 2007-жылы туулган Р. И. Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы “Рахманбердиев” атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу экендиги аныкталган.

Бул факты Манас РИИБнүн КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 297-беренеси менен катталып, учурда тергоо жана иликтөө иштери жүрүүдө.

Аталган жол кырсыгына себеп болгон унааны издеп табуу үчүн Талас ОИИБнин кызматкерлери жарандарга кайрылып, жол кырсыгына байланыштуу маалыматы бар болгондорду Талас ОИИБге кайрылууга өтүнөт:

Телефондор: 102, 0701 38 38 79, 0500 34 91 91, 0755 102 108

“Өспүрүм баланы унаа менен сүзүп качып кеткен жаранды аныктоодо кызматташкан жарандарга Талас ОИИБи алдын ала ыраазычылык билдирет. Себеби кылмыш жасаган адам өз жазасын алыш керек. Бала баарыбызда бар!”, – деп жазылат Талас ОИИБнин басма сөз кызматынын маалыматында.

error: Content is protected !!