Шайлоо бюллетендери даярдалды

«Учкун» мамлекеттик ишканасы шайлоо бюллетендерин даярдап, өлкө аймактарына жөнөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Даярдалган бюллетендер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын округдук шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участкаларга жөнөтүлдү. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо үчүн – 3 млн 702 миң 646 бюллетень даярдалды.

Кыргыз тилинде – 2 млн 970 миң 157, орус тилинде – 732489 бюллетень.
Мындан тышкары, 2494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалган.
Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жалпы 3 млн 625 миң 277 бюллетень даярдалды.

Кыргыз тилинде – 2 млн 928 миң 810, орус тилинде – 696467 бюллетень.
Мындан тышкары, 2435 бюллетень Брайль ариби менен дардалды.

error: Content is protected !!