Садыр Жапаров оогандыктарга жардам берүүгө чакырды

Садыр Жапаров көп улуттуу Ооганстан элине ар тараптуу жана азык-түлүк боюнча колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул туурасында мамлекет башчысы кечээ, 15-октябрда видеоконференция форматында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

«Дүйнөдөгү жагдай тездик менен алмашууда. Бүгүнкү күндүн реалдуулугу пайда болуп жаткан чакырык жана коркунучтарга өз убагында реакция кылуу үчүн күч-аракеттерди консолидациялоо зарылдыгын талап кылууда.

Эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана чек ара аралык кылмыштуулук өңдүү дестабилдештирүүчү факторлордун болушу, ошондой эле социалдык-экономикалык жана азык-түлүк кризисинин мындан аркы курчушу Ооганстанда гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн.

Бул өз кезегинде аталган өлкөдө граждандык согушка алып келиши мүмкүн, анда ал Борбор Азиянын жана Жакынкы Чыгыш региондорунда абалды чыңалтып, дестабилизациялашы ыктымал», — деди Садыр Жапаров.

error: Content is protected !!