Парламенттик шайлоо кандай өтөт?

2021 -жылдын 28-ноябрында Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоо күнү белгиленди.

Алдыда боло турчу шайлоо кандай өтөт? Бул тууралуу шайлоочулардын пикирин билүүнү туура көрдүк.

Камалов Курбанбек Абдаматович, Лейлек районундагы Тогуз-Булак орто мектебинин директору:

Алдыда өтө турган шайлоо мурдагы шайлоолордон бир топ жакшы жактары менен айырмаланат деп айта алам. Жогорку Кеңештин мурунку бир нече чакырылыштагы депутаттарын шайлоодо кетирген мүчүлүштүктөрүбүздүн залакасын эл тартты. Чындыгында партиялык тизме менен жалпы негизде келгени туура болбойт экен. Партиялык тизмеде татыктуусунан да татыксыз иш билбеген адашкандар да келишти. Жыйынтыгында кыргыз парламентине, анын ишине, курамына, кесипкөйлүгүнө көп сындар ачык айтылып, жарандардын нааразычылыгы күч алды. Муну өздөрү деле моюнга алышат болуш керек.

Бул жолку шайлоодо эл жаңылбай тандай турган болот. Бир мандаттуу жана преференциалдык шайлоо ыкмасы бир эле учурда партияга жана анын тизмесиндеги конкреттүү талапкердин бирине добуш беришине мыйзамдык мүмкүнчүлүк түзүлдү. Азыр конкреттүү талапкерин тандоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жаңы шайлоо тартибине ылайык таза өтүшүнөн үмүт кылып турам. Болгону добушубузду сатпай бек турсак.

Менин оюмча бул жолу шайлоочулар мурдагыга караганда көп катышат деп ойлойм.

Айдай Ивакова НТС теле-радио компаниясынын башкы директорунун орун басары:

Шайлоо таза өтөт, добуш сатып алуулар болбойт деген убаданы биз биринчи жолу угуп жаткан жерибиз жок. Буга чейин да ушундай убадалар айтылып келгени менен иш жүзүндө баары тескери чыгып, добуштар сатылып, андан тышкары административдик ресурстар пайдаланылып келгенин коруп эле келдик. Керек болсо, Президенттер өздөрү түздөн-түз кийлишигип, мамлекеттик органдар да бийлик ставка кылган талапкерге күнү-түнү дебей кызмат кылып, колдо бар ресурстарын колдонуп келгени жашыруун эмес. Анын жыйынтыгында , нааразы тараптар менен биргеликте эл чыгып бийликтин алмашкан учурларды баштан өткөрдүк. Үмүт үзүлбөйт эмеспи, бул жолу өткөн окуялардан сабак алаарбыз деген ишеним бар. Ошол эле убакта, эмитен эле бийликтин же бийликтеги таасирдүү адамдардын партиясы булар деп айтыла баштады. Демек, бул жолу да оюндун эрежелеринен чыгып кетүү, кандайдыр-бир мыйзамсыз аракеттердин аралашып кетүү ыктымалдуулугу жок эмес.

Жазында өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоолордо элдин активдүүлүгү өтө төмөн болду. Буга ар кандай себептер болушу мүмкүн, бирок, мени кооптондурганы элдин шайлоого болгон ишеними жокко эсе болуп калганы. Азыркы тапта шайлоо болот десе, ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша акча таап алуу максатын гана көздөп, бул саясий иш-чаранын түпкү мааниси-маңызы бузулуп бараткандай сезилет. Бул саясатчылар тарабынан шайлоого болгон мамиленин жыйынтыгы. Татыктуу атаандаш болуп, идея, программа, акыл, билим, тажрыйбанын эмес, акчанын, кандайдыр-бир таасирдин таймашына айланткандын жыйынтыгы. Мындай кырдаалда шайлоочулар өзүнүн жарандык милдетин так аткарышын күтүп кереги жок, ким көбүрөөк акча берсе, добушун ошого саткандар көпчүлүктү түзүп баратат. Ал эми азчылык жөн гана барбай коюп жатат.

Бул жолу болсо, партиялардын жана ар бир аймакты камтыган талапкерлердин, коптугун эске алганда, элдин катышуусу жакшы эле болот деп ойлойм.

Жамбы Карыбекова, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы:

Парламентте беш жыл отуруп, жумушуна жөндөп келбей, мыйзам долбоорун сунуш кылбаган, ал тургай демилге көтөрбөгөн, аймактарга барып шайлоочулары менен жолукпаган, элдин үнүн укпаган депутаттарыбыздын алдыдагы шайлоого бара жатышы мени өкүндүрөт. Ошол депутаттарды эл алаканга салгандай көрүп, билип турушат. Эми аларды кайра шайлабай коюнун жолу бир учурда партияга жана партиялык тизмедеги өзүбүз ишенген, эл үчүн күйгөн, иштей турганды тандоого, добуш берүүгө жол ачылды. Шайлоонун мына ушул жаңы механизмине таянып, шайлоонун таза өтүшүнө үмүт кылам, ишенгим келет. Шайлоого өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл. Жарандардын өзүнүн тандап алуу укугун жүзөгө ашыруусу менен мамлекетти башкарууга тиешеси болгон адамдарды шайлоодо ката кетирбешибиз керек. Бирок, эмнегедир жарандык, мекенчилдик жоопкерчиликти сезбей жатабыз. Биз буга чейин канчалаган шайлоолорду көрүп, анын кемчиликтерин көзүбүз менен көрүп, жон терибиз менен сезип келдик. Алдап кетишти, элди сатып алышты дешет. Сатылбай койсок бизди кантип мажбурлашат?.

error: Content is protected !!