От чачкан акын От Антей

Мен 1979-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктап, ОблЛитте редактор болуп иштеп калдым. “Ленин жолу”, “Ленинский путь”, “Ленин йули” гезиттерине, радио-теле берүүлөргө кетүүчү макалаларга уруксат мөөрүн баскандан башка китеп окуп, ыр жазмай… Адабий ийрим түзүп, филология факультетинин жатаканаларында жаш акындар ырларын окушуп, ар бир алтынчы күндөрү поэзия кечелерин өткөрө баштадым. Анда бүгүнкү уникалдуу акындардын бири Самидин Стамбеков төртүнчү курстун студенти эле. Бир жагынан уюштуруу иштери боюнча мага абдан жакшы жардам берип жүрдү. Ыр окуп жаткан студенттердин арасынан бир сары бала үнүн бийик чыгарып, кыйкырып ыр окуп чыкты. Саптарында данектер да бар экен. Ал көрсө, филология факультетинин ошол кездеги студенти, бүгүнкү От Антей акын Атантай Акбаров экен. Атантай ошол биринчи курста окуп жүргөндө эле ыр-роман жазып, көптөгөн жаш акындардын жүрөктөрүн түшүргөн. Кыскартып айтканда, шар кеткен ошол алгачкы кадамдары менен эле кыргыз поэзиясына дагы бир дараметтүү акын келгендигин айгинелеген.

Атантай Акбаровдун жакында “Турар” басмасынан “Жүрөгүм сынды, таңа албайм” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Китептин аннотациясында айтылгандай: “Акындын аталган жыйнагына Ыйык Ата Журт, уңгулуу кыргыз эли жана анын руханий бай мурастары тууралуу улутмандык ырлары, китеп аталышынан белгилүү болуп тургандай, аруу дүйнөнүн ажайып кудуретин таанытып, инсандык изги сапаттарды арттырган мөлтүр сүйүү ырлары топтолду. Көркөмдүк жогорку чеберчиликте берилген таасын ойлор, күтүлбөгөн метафоралар, психологизмге жана драматизмге каныккан терең философиялык ой-туюмдар поэзия сүйүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн байытып, канат каккан жүрөк чабытын кеңейтет деген ойдобуз”. Чаткал тоолорунун арасында өскөн чагылган акын Атантайдын аталган китеби: “Жүрөгүмдө тууган жер” аттуу ыр менен башталат.

“Адам жанын аңтарсаң,

Аздектелип тууган жер…

Ар адамга эң кымбат –

Аты жакшы Тууган жер. …

Жууп салат сууларың,

Жүрсөм дилим кир басып.

Жүрөгүмдө Тууган жер жүргөнүң да бир бакыт!..”

Акындын айтканында кашкайган чындык бар. Эгер ар бир адамдын жүрөгүн, жан дүйнөсүн аңтарып карай турган болсок, аздектелген айылы, кыштагы, туулган жерин көрүүгө болот. Мен айрым гана саптарын мисал келтирип отурамын. Ырды толук окуп чыксаң, комментарийлердин деле кереги жок эле. Чабалекейдей чабыттап учкан саптар окурмандардын жүрөгүнө конуп каларына ишенемин. Кошуналар жөнүндө Ыйык китептерде жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруучу көп нерселер айтылган. Автордун “Кошуналар – колдо бар алтындарым” аттуу ырында жалпы адамзатка үлгү боло турган ойлор камтылган, ар бир адам кошунасы менен жакшы мамиледе болуусу шарт.

“Кудай айткан – кошуна – жакындарым,

Кобурашып, чай иччү асылдарым.

Алыстагы туугандан кабар жокто,

Ар убакта кашымда шай турганым.

Бирок кээде бирикпей… үзүмдөйбүз,

Жакшылыкты бөлүшүп сүйүнбөйбүз.

Эшиктерди шака-шук жаап алсак,

Ар бөлмөгө ташталган үлүлдөйбүз. …

Ынтымагың – ырысың чачылбасын!..

Кошуналар – колдо бар алтындарым.

Тирүүмдө үйүмө көп келгиле,

Көз жумган соң көрүмө чакырбаймын!!!”

Чак этип чекеге чапкандай саптар. Кошуналар бири-бири менен урушпай, жаман сөз айтышпай ынтымак-ырашкерчиликте жашаганга не жетсин! Бүгүнкү күндө урушуп, бир метр жерди талашып, өмүр бою соттошуп жүргөн кошуналарды да угабыз. Ар бир адам кошуналарын “колдо бар алтын” деп туйганы кандай сонун. Жер шарындагы шаарларда, кыштактарда жашаган кошуналардын баарысынын тең ойлору акындын асыл ою менен төп келишип турса, атаң көрү, аалам ат чабым алдыга кеткен болот эле… Пайгамбар (С.А.В.): “Ким Алла Таала жана Кыямат күнүнө ишенсе, анда ал кошунасын сыйласын”, – деди. Сахабалар: “Оо, Алланын элчиси! Кошунанын акысы кандай?” – деп сурашты. “Эгер ал сенден бир нерсе сураса, бер. Жардам сураса, жардам кыл, карыз сураса, карыз бер, үйүнө чакырса, бар, ооруп калса, кабар ал, өлсө, жаназасына катыш. Эгер ага кырсык жетсе, көңүлүн көтөр. Казаныңдагы эттин жыты менен аны кыжаалат кылбай, тамагыңдан бөлүп бер. Андан уруксат сурабай туруп, шамалды тосуп кала турган кылып үйүңдү анын үйүнөн бийик салба”, – деди. Атантайдын кошуна жөнүндөгү ыры жүрөктөн чыккан, башкаларга, окурмандарга таалим-тарбия бере турган, адамгерчиликти, аруулукту даңазалаган ыр.

“Торнада болуп өтсө да,

Тоготпойт, тоолор кулабайт.

Тозулбас ырлар төксө да,

Торгойлор сыйлык сурабайт.

Бурганак күн-түн урса да,

Буюкпайт, асман урабайт.

Булактап ырдап турса да,

Булбулдар сыйлык сурабайт.

Ак жылдыз өңдүү жан өчөр,

Анык ыр өчпөйт, куурабайт.

Асыл ыр кууган нак акын

Ак уруп сыйлык сурабайт”.

Ооба, булбулдар сыйлык сурабайт. Мына бүгүнкү күндө Сибирге айдалып, Үркүттө түрмөдө жаткан, азап-тозокту башынан өткөргөн, кыргыз төкмө акындарынын туу чокусуна айланган Токтогулдун атындагы сыйлыкты алабыз деп канчалар уктабай чуркап жүрүшөт.

“Ак калпакты кийгендер шаңкайышат,

Ала-Тоодой көк тиреп калкайышат.

“Тоо көтөрүп жүрөт – деп, төбөсүнө”

Калпакчанды көргөндөр аңкайышат”.

Автор: “Калпак деген кыргыздын баш тумары, калпак үчүн канча баш жалп кулады”,- дейт. Парижде, Венецияда калпак кийген акынды көрүп, сүрөткө түшүүнү суранган адамдардын көп эле болгондугу жөнүндө да сөз болот. Акын ак калпак башта турганда кыргыз элинен таптакыр оомат кетпей тургандыгын баса белгилейт. Анын ар бир ыры эркин эргүү менен жазылганын байкабай коюуга болбойт.

“Көр дүйнө азыр баркталды,

Көсөмдөр жерге тапталды.

Акчаны Теңир көрүшүп,

Рухдүйнө болду таштанды.

Дүнүйө менен адамды,

Өлчөшүп көбү, менсинип,

Туш болуп азыр инфаркка,

Тумчукту адамгерчилик”.

Рухий ааламдан ажыраган адам мал болуп каларын кыйытат. Адамгерчиликтин тумчугуп баратканы да албетте, өкүнүчтүү. Ал көзгө көрүнгөн, колго кармалган материянын бүгүнкү күндө хан болуп, жан дүйнө, акыл-эс, сезимдер инсультка учурап, шал болуп калганын айтат.

“Жулкунбайлар көп өсөт,

Журт деп күйсөң, көөлөшөт.

Эшектер жеп жатса да,

Эч кейибей чөп өсөт!..”

Бул – “Төрт саптар” аттуу бөлүмүнөн. Элдин ырыскысын жеген жулкунбайлар, чындыкты айтсаң көөлөшөт. Аларга чындыктын кереги жок. Жулуп жеп турса болду. “Европа кайрыктары” аттуу бөлүмдөгү “Коньядагы кайрымдуулук мунарасы”, “Эйфел мунарасы”, “Германия”, “Венеция”, “Деңизге чөмүлүү” аттуу ырлары да бир дем менен жазылган ырлар. Ал эми аталган китептеги сүйүү, махабат темасындагы чыгармалары өзүнчө сөз кылууга толук татыктуу деп эсептейм. Кыскартып айтканда, Атантай Акбаров алтымыштын ашуусуна жайдак эле жүгүрүп келбептир. Кыргыз окурмандары кызыгып, талашып окуй турган, түркүн-түстүү боёкторго бай, эмоцияга жык толгон, жакшылыктарга чакырган, жарык чачкан чыгармаларды алып келиптир. Атантай – От Антейдин кыргыз поэзиясында өзүнүн оттуу мейкиндигин жараткандыгы кашкайган чындык экендигин баса белгилешибиз абзел.

Карбалас БАКИРОВ, Кыргыз эл акыны.

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст