Ошто 10 айда жол кырсыгынан 102 адам каза болду

Ош облусунда бүткүл дүйнөлүк жол кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү күнү уюштурулду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага бир катар айылдардын тургундары, дин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун Мады, Отуз-Адыр жана Алай районунун Жаңы-Алай аймагынын айыл башчылары, Ош облустук билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жол кыймылынын жаш инспекторлору, Ош облустук казыятынын өкүлдөрү жана ЖККК кызматкерлери катышты.

Катышуучулар жол-транспорт кырсыгынан каза болгон жарандарды эскерип, жер-жерлерде жарандар арасында жол эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтышты.

Ош облусунун аймагында акыркы 10 айда 660 жол кырсыгы катталып, 102 жаран каза болуп, 1 миң 157 жаран ар түрдүү жараттарды алышкан.

error: Content is protected !!