Нурипа Муканова: “Президентибиз коррупция менен күрөшүүдө саясий эркин көрсөтүүдө”

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жеке демилгеси менен жемкорлукка каршы системалуу күрөш башталды. Атайын Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлүп, иш активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова менен баарлаштык.

Нурипа Аалиевна, кеңештин түзүлгөндүгүнүн максаты жана анын милдеттери тууралуу айтып берсеңиз?

Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты- коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү, мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду уюштуруу. Ошону менен бирге ишкерликти өнүктүрүү, инвестициялык климатты, ишкердик субъектердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртууда жагымдуу шарттарды түзүп берүү милдети да коюлду.Ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда бир топ көйгөйлүүмаселелер бар.Ишкерлердин чиеленишкен чоң көйгөйлөрүөз учурунда чечилбесе экономикабызды алдыга жылдыруу өтө кыйын. Ошондуктан, чечүүнү талап кылган маселелерди жагдайына карап кезекке коюп алдык. Ар бир жарандын арыз-муңун угуп, жакшылап абай салсак, көйгөйдү чечүүнүн жолу системалуу болуп, бир нукка түшүп жатат. Маселени чечүүүчүн эң алды анын өзөгүн табуу керек.

Оболу адамдардын аң-сезими өзгөрмөйүн системаны тазалоо кыйын го?

Туура, коррупция күчөдү деп кыйкырганыбыз менен ошол нерсени өзүбүз түптөп, аралашып жатпайбызбы. Буга бир эле мисал катарышайлоолорду эле алсак, баштан-аяк пара берүү менен коштолот. Өзүңөр көрүп жатканыңардай, жол кырсыктарынан көп адамдар өлүмгө дуушар болушууда. Бул дагы айдоочулук күбөлүктү пара берүү жолу менен сатып алгандыктын кесепети. Ар бир аянычтуу нерсенин артында коррупция турат. Сизтуура белгиледиңиз, калыптанып калган система менен бирге адамдардын да аң-сезимин өзгөртүү зарыл. “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” дегендей, өзгөрүүгөбелгилүү бир убакыт керек. Биз азыр туңгуюкка кептелип калдык. Коррупция гүлдөп мамлекетибизди биротоло сазга батырат же эл түшүнүп аны жеңип чыгат. Мына алдыбызда ушундай эки ача жол турат. Ошол үчүн идеологияны туура жолго салып, үгүт жана жайылтуу иштерин колго алышыбыз зарыл.

Башка өлкөлөрдү карап көрөлү, эмне үчүн финдер же немистер жапырт коррупцияга барышпайт? Анткени, алар бул нерсеге балдарынын келечегин уурдоо жана талкалоо катары карашат. Коррупцияга барган кишини өтө уяткарышат. А бизде тескерисинче, төрдөн түшпөгөн сыйлуу конок катары баалашат. Алар бай болгондуктан, бардык нерсеге таасири да чоң. Карапайым калк чиренген байлар элдин ырыскысын уурдап жатканын түшүнөберишпейт.

Мен бир аймакта өткөн жыйынга катышып калдым. Активдүү тургундар өз айылындагы көйгөйлөрүн беришпейт.

Мен өткөндө бир аймакта өткөн ортого салышты. Жакырчылыкта жашаган, көп балалуу үй-бүлөлөр көп дешти. Ата-энеси жумушсуз, балдарына тиешелүү социалдык төлөмдөрдү ала алышпайт. Жетишпеген үй-бүлөнүн бир малы же муздаткычы болсо, жашоосу жакшы деп бааланып, жөлөк пул берилбейт. Ал эми мал-жандуу жашоолору дурус адамдар социалдык жөлөк-пул алышат. Ушул жерде чоң адилетсиздик болуп жаткандыгын белгилешти.

Мамлекетибиздин башынан өткөн үч революция дал ушул коррупциядан улам болду. Жемкорлордон арылуу оңой-олтоң иш эмес. Ошол үчүн бул жаатта маселенин тамырын таап кыркуу менен адамдардын аң-сезимин өзгөртүүдөн баштоо зарыл. Мамлекеттик органдарда тазалануу жүргүзүп, милдеттерин так аткаргандай көзөмөл киргизиш керек.

Башка мамлекеттердин мисалын айтып жатасыз. Биздин элдинөзгөчөлүгүнө жараша мамлекеттин багыты болушу керекпи?

Ар бир мамлекет өзүнүн нугун, жолун издейт. Башка өлкөлөрдүн бир нерсесин алуудан мурун алардын жакшы жана жаман жактарын иргей билишибиз керек. Анткени, алардын маданияты, аң-сезими, менталитети бөлөк. Коррупционерлерди коомдон алыс кармап, четтетүүгө болот. Ал үчүн ар бир жаранөз укугун билип, ойгонушу зарыл.

Коррупция тууралуу сөз болгондо пара алуучуларды гана сөз кылабыз да, аны берип жаткан адам тууралуу сөз болбойт. Эки жактын жоопкерчилиги бирдей эмеспи?

Көпчүлүк жарандар убаракерчиликтен качып, ишин тезирээк бүтүрүшүүчүн акча бере коюшат. Бир маегимде бизде мыйзамдар иштебесе салт болуп калыптанып калган адат менен жашайбыз деп айткам. “Тигил акча берип, бат эле ишин бүтүрүп алыптыр” деген сөздү уккан адам дароо ошол жолго өтөт. Бул аргасыздык деңизчи. Бирок, мыйзамдын тили менен айтсак, бул опузалап пара талап кылуу болуп саналат. Мындай болбошу үчүн бардык мекемелерди санариптештирүүгөөткөрүү керек. Бул мамлекеттик деңгээлде чечилүүчү маселе. Бирок, ошол эле маалда өтө ири өлчөмдөгү пара алып жаткандар да көп. Мындан 8-9жыл мурун коррупция иштерин иликтөө кылганыбызда миң доллар пара чоңсумма болчу. Азыр миллион долларга чейин жетип жатпайбы. Ошондуктан, ири сумма берип жаткан экинчи тарапты да мыйзам чегинде жоопко тартуу керек.

Мыйзам чегинде жоопко тартуу керектигин айтып жатасыз. Бирок, сот системасынын өзүндө жемкорлук гүлдөп жатпайбы…

Соттор тарабынан мыйзам чегинде акыйкат чечим кабыл алынбай жаткандыктан, элдин ишеними өчкөн. Аларга ишеним болбосо, анда коррупцияны деле жеңе албайбыз. Коррупцияны жеңебиз деген ишеним болуш үчүн укук коргоо жана сот органдары таза иштеши керек. Өткөндө “учурда токтоосуз чечиле турган кайсыл приоритеттүү маселе турат?”,- деген суроо менен онлайн добуш берүү жүргүздүк. Жыйынтыгында соттордун бардык отурумдарын ачык көрсөтүү керек деген сунуштар келди. Ага чоң деле каражаттын кереги жок. Жакшы уюлдук телефон гана жетиштүү. Бул жөнөкөй көрүнүш болгон менен анын артында чоң маселе турат. Эгер соттордун отуруму ачык өтсө, анда аларга болгон элдин ишеними пайда боло баштайт.

Жарандык коомдун коррупция менен күрөшүүдө ролу канчалык?

Албетте, өтө чоң. Алар негизинен прокуратура, ИИМ,жана сот системасындагы адилетсиздик менен күрөшүп жатышат. Жашырганда эмне, акыркы жылдары жарандык коом жактоочулук ишмердүүлүккөөтүп кетишкен. Анткени, жактоочулар жабыр таркандардын укугун өз деңгээлинде коргобой жатышат. Аларга болгон ишеним төмөндөгөн. Элдин аң-сезимин ойготууда жана өзгөртүүдөжарандык коомдун ролу аябагандай зор. Ошондуктан,маалыматты түшүндүрүү, жайылтуу иштериндеактивдүүлүктөрүн көрсөтүшсө дурус болмок. Акыйкатсыздыктан жабыр тарткандарга жардам берүү менен алек болушууда.

Эгемендик алгандан бери муун алмашты. Азыркы жаштардынкоррупцияга болгон көз карашын, мамилесин баамдап жатсаңыз керек?

Коррупция бардык жерде жана ар мезгилде болгон, аны эч качан жок кыла албайбыз деп айткандар четтен табылат. Мындай сөздөрдү дал ошол жемкорлорөздөрүн акташ үчүн айтышат. СССР учурунда жең ичинен коррупция болгондур, бирок мынчалык деңгээлге жеткен эмес. Мамлекетибиз эгемендик алганы көп көйгөйлөргө тушукту.Өлкөбүздүн келечеги кандай болот, кандай жардам кыла алам деп тынчсызданган мекенчил жаштардын көптүгү кубандырат. Өзгөчө мындай жакшы көрүнүштөр былтыркы октябрь окуясынан кийин арбыды десем жаңылышпайм.

Коррупция менен натыйжалуу күрөштүн жыйынтыгын кайсыл тармактан көрөбүз?

Биринчиден, социалдык тармактан. Экинчиден, сот жана укук коргоо органдарынан. Ушул эки системада жылыш болсо, демек биз коррупция менен туура күрөшүп жатабыз. Эгерде өзгөрүү байкалбаса, анда эч кандай иш-аракеттин жүрбөгөндүгүн түшүнсөк болот.

Санариптештирүү коррупцияны жоюунун эң башкы куралы эмеспи. Бул багытта жылыштар байкалып жатабы?

Ооба, санариптештирүү менен коррупциянын деңгээлин азайта алабыз. Ошону менен катар жарандардын жашоо деңгээлинин жогорулашына шарт түзүлөт. Жаңы технологиялар күн сайын өнүгүп, өз жолуна салынып келе жатат. Мамлекеттик органдардын 400дөн ашык кызмат көрсөтүүсүнүн 123ү санариптештирилген. Калганын аз убакыт ичинде системага киргизүүзарылдыгы турат. Анткени, аймактагылардын убаракерчилиги азайып, каражатка да, убакытка да үнөм болот. Мамлекеттик кээ бир мекемелер тарабынан санариптештирүүдө жашыруун тоскоолдуктар болуп жаткандыгын мойнубузга алышыбыз керек. 

Ал кандай тоскоолдук болушу мүмкүн?

Ар бир мамлекеттик орган өздөрү санарипке өтүүүчүн аракет жасашы керек. Антпесе иш алдыга жылбайт. Мамлекеттик органдардын кызматкерлери санариптештирүү иш-аракеттерин өздөштүрө албай жатышат. Кадрлардын заманбап профессионалдык деңгээли курч болуп турат.

Президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыктыңыз. Коррупция менен күрөшүүдөконкреттүү багыт менен иш алып барууну талап кылдыбы?

Биринчиден, кеңешти түзгөндүгүнүн өзү эле Президенттин саясий эркин көрсөтүп турат. Буга чейин да жемкорлукту жоюуда ачык-айкын оюн айтып келди. Эми системалуу күрөш жүргүзүп баштады. Чоң платформа түзүп, жалпы эл колунан келген салымын кошсун деген саясат менен бара жатабыз. Коррупция менен күрөшөм деген бардык каалоочуларга эшигибиз ачык. Чогуу-чаран биригип бул тамыры жайылган илдетти сүрүп чыгалы деген батыл күрөштү баштады десем болот. Албетте, буга чейин деле күрөшүп келгенбиз. Бирок, тамырлашып кеткен көйгөй терең каралган эмес. Бул жолу багыт конкреттүү коюлду.Коррупциянын өзөгүн сууруп чыгууда өтө кылдаттык мамиле талап кылынат. Ошол үчүнПрезидент аёосуз күрөш баштаган соң, жалпыбыз кол кабыш кылышыбыз керек.

Жылдыз Дыйканова

error: Content is protected !!