Н.Кедейбаев: “Малдын атасы апасы болот!”

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин адиси Наралы Кедейбаев ММКлардын бирине “малдын атасы”, “апасы” деген терминдерге түшүндүрмө берди.

Анын айтымында илимде малдын асыл тукумдуулугун тастыкташ үчүн анын тегин аныкташ керек болот. Мындай учурда малдын “атасы”, “апасы” деп айтылат. Асыл тукум малга берилүүчү карточкаларга малдын “ата-тегинин” төрт мууну жазылышы керек.

“Малдын асыл тукумун аныкташ үчүн анын “атасы” бул породадан, “энеси” тиги породадан деп көрсөтүшүбүз керек. Ал тургай энеси, энесинин энеси деп, башкача айтканда, төрт муунун жазууга милдеттүүбүз. Илим бизден ушуну талап кылат. Мурда бул иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлчү. Ал жакта деле “мать коровы”, “отец коровы” деп эле жазылып турат. Биз мыйзам долбоорун сунуштаганыбызда ушул терминдерди сөзмө-сөз түз которгонбуз. Муну Айыл чарба министрлигинин адистери эле которушкан, тилчилер катышкан эмес. Эгер биз туура эмес которгон болсок, тиешелүү органдар катабызды далилдүү оңдоп койсо биз кубанычта гана болобуз. Бирок, тилекке каршы, мыйзам долбоору өкмөттүн сайтында коомдук талкууда бир ай илинип турду, эч ким эч кандай пикир билдирген эмес”, — деди Кедейбаев.

error: Content is protected !!