Кыргызстанда туз Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштаган чектен 2,5 эсеге көп пайдаланылат

Кыргызстандыктар тузду Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштаган чектен 2,5 эсеге көп пайдаланышат. Андан тышкары эт майы камтылган тамак-аштар да арбын. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жарнама жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.


«Ошондуктан, тиешелүү мыйзамдар аркылуу саламаттыкты сактоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарынын, спорттук залдардын жана башкар курулмалардын, стадиондордун жана аларга жанаша жайгашкан жайлардын айланасындагы 100 метр аралыкта канттын, туздун жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аштарды жарнамалоого чектөө киргизүү демилгеленүүдө», -деди мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Евгения Строкова.

error: Content is protected !!