Кыргызстанда орус тили, математика, физика мугалимдери тартыш

Бул тууралуу KG Analytics интеллектуалдык фонду тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө айтылды.

Изилдөөдө жыл сайын өлкөдө эки миңдей мугалим жетишпегени жазылган. Өзгөчө башталгыч класстарда орус тили, математика, физика мугалимдери тартыш. Кыргызстанда мугалим болуп иштөө абройлуу эмес. 30 жашка чейинки мугалимдердин саны 10% ашпайт, – деп көрсөтүлгөн . Андан тышкары 2020-жылы билим берүү тармагындагы орточо айлык 14 764 сомду түзгөндүгү айтылды.

error: Content is protected !!