Кара -Кечеде белгисиз адамдар техникаларды бузуп кетишүүдө

Кечээ, 15-октябрда Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Кара-Кече көмүр кениндеги көмүр өндүрүшүнүн абалы менен жеринен таанышуу үчүн барды.

Учурда «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын күнүнө 250дөн ашык унаага көмүр жүктөлүп чыгарууда. Ушул тапта 150 миң тоннадан ашык көмүр запасы бар. 1-октябрдан бери 80 миң тоннадан ашык көмүр аймактарга жөнөтүлгөн. Быйыл көмүр казуу иштери адаттагыдан кеч башталгандыгына байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 техникасы көмүр казуу ишине тартылган.

14-октябрь күнү ӨКМ берген 3 техникага белгисиз адамдар зыян келтиришкени маалым болду. Тактап айтканда 1 техниканын май куюучу багына шекер салынып, 2 техниканын күйүүчү май келе турган түтүгүн иштен чыгарышкан.

Абал менен жеринен таанышууга барган Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, укук коргоо жана коопсуздук сактоо органдарынын жетекчилигине элге кыянаттык кылган адамдарды тезинен аныктап, жоопко тартуу боюнча тапшырмасын берди. Бул факты боюнча учурда кылмыш иши козголду.

Ушул тапта Кара-Кечеде ишкананын 66 техникасы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 27 техникасы менен көмүр казуу жана жүктөө иштери уланууда.

error: Content is protected !!