Депутаттар Тажикстандан алына турган электр жарыгы боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышты

“Өнөр жай жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев Тажикстандан электр жарыгын сатып алуу боюнча түшүндүрмө берсин”, – деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Садиков парламенттин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

«Синоптиктердин алдына ала берген прогноздору боюнча быйыл кыш өтө суук жана ызгаардуу болот. Биздин кышкыга даярдыктарыбыз кандай? Күш-кыш мезгилинде электр жарыгы өчүрүлүп, үзгүлтүккө учурабайбы? Бул суроолор боюнча министр Доскул Бекмурзаев парламентке келип, түшүндүрмө берсин», – деди депутат.

«Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү ушул тапта 12,6 млрд кубометрди түзөт. Ал эми кыш мезгилде 6 млрд кубометрден ашуун талап кылынарын билебиз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга электр жарыгын Тажикстандан алып келүү боюнча сөздөр жүрүп жатат. Бул дагы так маалымат эмес. Андыктан Доскул Бекмурзаев 10 мүнөт убактысын бөлүп парламентке келип бул боюнча маалымат берсин», – деди депутат.

error: Content is protected !!