Депутат Самат Исманов: «Бишкектиктер качанкыга чейин түтүндөн жабыркай беришет?»

Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы түтүнгө байланышкан көйгөй жыл сайын көтөрүлгөнү менен, чечилбей келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов парламенттин жыйынында айтты.

«Түтүн маселесин жылда көтөрүп айта беребиз, бирок бул көйгөй эч чечилбейт. Былтыр түтүн бир гана Бишкек шаарын эмес, Чүй облусунун чыгыш аймагын толугу менен каптап, кара туман басканы эсибизде. Ошондон бери көйгөйдөн арылуу үчүн бир дагы аракеттер көрүлгөн жок. Эми быйыл дагы кайрадан эле ушул маселе турат. Качанкыга чейин шаардыктар түтүндөн жабыркай беришет?», – деди депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул маселени чечүү үчүн өкмөт чечкиндүү чараларды көрүшү керек.
«Маселен, электр унааларынын импортуна нөлдүк ставка киргизүү керек, мындан тышкары Бишкек ТЭЦине келип жаткан көмүрдүн сапатын текшерүү зарыл. Бишкек жылуулук борборуна келген көмүрлөрдүн сапаты жакшы эмес», – деди Самат Исманов.

error: Content is protected !!