Дүйнө жүзүндө 5,1 миллиондон ашуун адам вирустан каза болду

Акыркы үч сутка аралыгында дүйнөдө коронавирус илдетин жугузуп алгандардын саны 1 млн 464 миң 815 адамды түздү. Ал эми пандемиянын башынан тартып Жер жүзүндө 257 млн 520 миң 992 адамдан вирус аныкталган.

Ооругандардын саны боюнча биринчи орунда АКШ – 47 млн 730 миң 591 адам, экинчи орунда Индия – 34 млн 510 миң 413, кийинки орундарда Бразилия – 22 млн 17 миң 276, Франция -7 млн 517 миң 669, Улуу Британия – 9 млн 897 миң 206, Россия – 9 млн 170 миң 898, Түркия -8 млн 573 миң 524, Аргентина – 5 млн 315 миң 348, Иран – 6 млн 77 миң 438, Колумбия 5 млн 48 миң 61, Испания 5 млн 80 миң 663, Италия – 4 млн 925 миң 688 жана Германия -5 млн 378 миң 192 адам.

Каза болгондордун жалпы саны 5 млн 150 миң 520 адамга жетти.

error: Content is protected !!