COVID-19: Бүгүн вирус үч адамдын өмүрүн алды

16-октябрга караган суткада Кыргызстанда 94 адамдан коронавирус аныкталып, 3 бейтап каза тапты. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 44;

Ош шаарында – 3;

Чүй облусунда – 31;

Талас облусунда – 1;

Ысык-Көл облусунда – 10;

Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет аныкталган.

COVID-19 инфекциясынан Бишкек шаарында – 2, жана Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза тапты.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 2632 бейтап каза болгон.

error: Content is protected !!