Чек арадан мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген Өзбекстандын жараны кармалды – ФОТО

14-октябрь күнү мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзбекстандык “Ю.М.У” аттуу жаран Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан Ош шаарына учуп келип, “М.А.Ю.” аттуу кыргызстандык жарандын паспорту менен Кыргызстандын аймагына киргенге аракет жасаган.

Кармалган “Ю.М.У.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факт боюнча КР УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.         

Учурда Кыргыз Республикасынын расмий документтерин мыйзамсыз даярдоо каналына тиешеси бар кызмат адамдарына карата тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларыны жүргүзүлүп жатат.

error: Content is protected !!