Быйыл мектеп мугалимдеринин саны 1304 жаш адиске көбөйдү

Республиканын аймактарынан келген суроо талаптар боюнча, Билим берүү жана илим министрлиги жылына бир жолу мугалимдерди бөлүштүрүү ишин жүргүзөт. Министрликтин берген маалыматына ылайык, бош орундар тууралуу динамикалык таблицалар окуу планына ылайык ар бир мектептин муктаждыктарына жараша, мектептердин штаттык ырааттамасын, райондун борборуна чейинки аралыгы, жүктөмү, окутуу тили, үстөктөрү, жаш адистер үчүн көрсөтүлүүчү жеңилдиктер жана алардын турак-жай менен камсыздалышы боюнча ай сайын мониторинг жүргүзүлүп турат.   

“2021-жылы бюджеттик негизде окууну аяктагандардын ичинен 1606 жаш адис билим мектептерге бөлүштүрүлдү. 454 жаш адис (мисалы, кош бойлуу аялдар, 3 жашка чейинки балдары бар адамдар ж.б.) эркин бөлүштүрүү укугун алышты. 2021-жылдын 15-октябрына карата  бөлүштүрүлгөн ордуна баргандардын саны 81,1 пайызды түздү. Пайыздык көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө”, – деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

error: Content is protected !!