Бейруттагы жардыруудан 60тан ашуун адам жабыркады

Бейруттун борбор шаары Ливандын Тайуни аймагында жардыруу болуп, набыт болгондордун саны 6 адамга жетип, октон жабыркагандардын саны 60тан ашты. Бул тууралуу Al-Mayadeen телеканалы маалымдады.

“Расмий маалыматка ылайык, окко учкандардын саны 6 адамга жетти. 60тан ашуун адам ар түрдүү жаракат алышкан”, – деп билдирет телеканал.

Эске салсак, кечээ 13-октябрда Бейрутта Адилет сарайына бет алган демонстранттарга каршы ок чыгарылган. Ливан армиясы учурда ок атып, жардырууну уюштургандарды издөөгө алды. Аскерлер Бейруттун көчөлөрүн көзөмөлгө алышып, курал көтөрүп каршылык көргөзгөн жарандарга ок чыгарылат деп билдирүү таратышты.

Белгилей кетсек, кечээ таң эрте шийиттер партиясынын тарапташтары, 2020-жылы Бейруттун портундагы жардырууга тиешеси бар болгон сот кызматкери Тарек Битерди ээлеген кызматынан бошотууну талап кылып чыгышкан болчу.

error: Content is protected !!