Аз камсыздарга жардам берилет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү максатында республика боюнча муктаждардын тизмеси түзүлөт. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр менен жардам көрсөтүлөт.

Эске салсак буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен муктаждарга ордо калаада 1,5 тонна көмүрдүн ордуна 5 000 сомдон, пенсионерлер жана майыптыгы бар жарандарга 500-700 сомдон кошумча акча берүү каралган.

Министрликтин маалыматына ылайык Бишкек шаарында жардам алуу үчүн 4 000 адамдан арыз түшкөн. 3 700 жаранга 18,6 миллион сом төлөнүп берилген.

Кудайберген Базарбаев мындан тышкары республика боюнча татаал шартта жашап, кирешеси төмөнкү чекте болгон жарандарга көмүр менен жардам берүү керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын январь айынын аягына чейин өлкө боюнча аз камсыз жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны так көрсөтүлгөн социалдык камсыздоо картасы даярдалат. Бул карта аркылуу социалдык жардамды тең бөлүштүрүү каралмакчы.

error: Content is protected !!