Кээде ич-ара ыркыбыз келишпесе да көпчүлүк кыргыз бир кадам тышка чыккандан баштап элим, жерим деп мекенчилдик сезимдер ойгонуп, бир жакшы иш кылсам, мамлекетимдин атын чыгарсам, улутумду дүйнөгө таанытсам деген асыл тилекте аракетин кылат. Кыргыз ошон үчүн эч качан жок болбойт, ошон үчүн жок болгон эмес. 20 жылдан бери Америкада жашаган Акылай Байматова мына ошондойлордун бири. Ал “Манас” эпосунун биздин формат менен айтканда 22 басма табактан турган кыскартылган вариантын англис тилине которуп, “Амазон” сайты аркылуу дүйнөгө таратып жатат.
– Акылай, “Манас” эпосунун кайсы вариантын англис тилине котордуң?
– Мен Америкага кеткенге чейин Кыргыз-Россия (Славян) университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде окугам. Биздин китепканадан Мар Байжиевдин жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн “Манас” эпосунун ыр түрүндөгү кыскартылган вариантын көрүп, алып окугам. Амеркада жашап калгандан бери жыл сайын апам бизге келип турат. Ар келгенинде мага кыргыз китептерин алып келчү. Чынымды айтсам, Америкада кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын көп окудум. Айтматовдун чыгармаларын кайра окуп чыктым. “Биринчи мугалимди” окуп ыйладым, кусалыктан өзүмдүн жериме кетким келди. Мен Шекерге далысы тийишип турган Аманбаев айылынан болом. Төлөгөн Касымбековдун жана башка жазуучулардын чыгармаларын окудум. Бир келгенде апам Мар Байжиевдин “Манас” китебин алып келди. Окуп катуу толкундандым. Бирок котором деп деле ойлогон эмесмин. Кээде балдарыма англисче айтып берип жүрүп, кийинчерээк которо баштадым. Албетте, которуу жеңил болду деп атпайм. Кошумча адабияттарды, кээ бир эпизоддорду эпостун башка варианттарынан да окуп, ошондой эле аскер стратегиясын окууга да туура келди. Эпосту которууда америкалык журналдардын биринде иштеген редакторум менен тыгыз байланышта иштедим.
– Китеп кайсы жылы жана канча тираж менен чыкты?
– 2018-жылы чыккан. Китептин тиражынын лимити жок, ал “Амазон” сайты аркылуу чыкты. Алардын басмасы эл канча сатып алса, ошончо чыгара берет. Электрондук версиясы да бар. Окурмандар үчүн китеп катары сатып алганга караганда электрондук варианты арзан болот. Мен дүйнө жүзү боюнча кайсы жактан алып жатат деп карап турам. Америка гана эмес, Жаңы Зеландия, Нидерланд жана башка европа өлкөлөрүнөн алып жатышса жагымдуу сезимдерге чулганам. Жакында эле мага Франциянын де Лилл университетинин окумуштуусу жолукту. Ал “Борбордук Азиянын эпикалык поэмалары” деген темада докторлук диссертация жазган экен. Илимий ишин жазууда менин котормомдон пайдаланганын айтса өзүмчө сүйүнүп калдым. Ошондой эле АКШнын Бостон университетинен да дүйнөлүк эпостор боюнча диссертация жазган окумуштуу ушул китептен пайдаланган.
– Болжолу канча тираж өткөндөй болду?
– Китепке кызыгуу жакшы эле болду деп ойлойм. Дүйнө жүзүндө айрыкча Европада, Японияда жалаң электрондук вариант алышат экен. “Амазондун” электрондук библиотекасы ченемсиз чоң. “Амазон” сайты алгач китеп сатуучу дүкөн катары ишин баштаган. Китептер, анан кинодисктер сатылчу. Кийин бүт товарлар сатыла баштады.
Китеп катары “Амазондон” 3063 нуска басып чыгарылган. Ал эми электрондук версиясын 10 000ден ашык окурман сатып алган.
– Мар Байжиев китепти которууга кандай карады жана эмне себептен ушул вариантты которууну чечтиң?
– Кыскартылган, бирок мазмуну дээрлик толук камтылган бул китеп чет элдик окурмандар үчүн ыңгайлуу жана кызыктуу болот деген ой болду. Которуп баштаганда агайга жолугуп уруксат сурадым. Албетте, алгач анча ишене бербегендей сезилди. Котормо даяр болгондо Тил комиссиясынан өткөрөлү деди. Мен электрондук версиясын салдым. Тил комиссиясында англис тилчи-лингвисттерден турган чоң комиссия котормону карады. Алар жакшы пикирлерин айтышып, колдоого алышкандан кийин Мамлекеттик тил комиссиясы ошол эле жылы “Турар” басмаканасынан 500 нускада чыгарып, жогорку окуу жайларга таратышты. Мен дүйнө жүзүндө “Манас” эпосун окурмандар кандай кабыл алып жатат деп анализдеп турам. Көптөр кызыгып пикир калтырып жатышат. Менин каалоом – кыргыздар өздөрү окушса болот эле. Анализдеп көрсөм улуу муундар баалашат, ал эми менин жашымдагылар, айрыкча 1990-жылдардан кийин 2000-жылдарда төрөлгөн балдарда кызыгуу жок. Ушул мага өкүнүчтүү. “Манас” биздин эң баалуу байлыгыбыз. Муну баалай албасак өзүбүздү жоготуп коёбуз.
– Акылай, мектепти кайдан бүттүң эле? Англис тилин качан үйрөндүң?
Мен 2-классты бүткөндө биздин үй-бүлө Таластан Жалал-Абадга көчүп келдик. Атам ошол жакта бир нече жыл ункомбинатта, апам мектепте орус тилчи мугалим болуп иштеди. Илгери атам окуусун бүткөндо ошол жакка иштөөгө жолдомо алган экен. Ошондо Жалал-Абаддын Ак-Булак деген тоолуу аябай кооз жеринде биздин бир чоң апабыз менен эне-баладай болуп аябай жакшы мамиледе болуптур. Ал апабыз жалгыз жашачу экен. Кийин атамдар ошол чоң апабыздын жанына көчүп барышты. Жалал-Абадда алгач №9 мектепте окудум. 6-класста физика-математикадан жакшы окугандарды тандап, атайын бул багытта адистешкен мектепке жиберди. Ал жакка да экзамен менен өттүк. Ал жакта окуганда химия, биология, физикадан алдыңкы орундарды алып, олимпиадаларга катышып жүрдүм. Анан эмнегедир англис тилине аябай кызыгып кеттим. Биздин мектеп физика-математика жагында мыкты болгону менен англис тил мугалими жок эле. Болсо да бат эле кетип калышчу. Тилге кызыгуумду көргөн апам мага 3000 сөздөн турган орусча-англисче сөздүк китеп таап берди. Ошол мага ушунчалык чоң байлык болду. Бүт сөздөрдү жаттап чыктым. 7-классты бүткөндө каникулда нянка болуп балдар бакчасына иштеп калдым. Балдар бакчасында балдардын энеси – Чынара эже бар эле . Ошол кезде Жалал-Абадда ачылган бир америкалык фирмада котормочу болуп иштегенин, англис тилчи экенин билип алып, мага англис тилин үйрөтүңүз деп ага жармашып алдым. “Кызыңызды карайм, үйүңүздү жыйнап берем, мага англис тилинен кичине болсо да сабак берип коюңузчу” деп суранып 1 ай сабак алдым. Негизги алгачкы базаны Чынара эжеден алдым. Эжеде мен үчүн өтө баалуу китептер бар эле. “Нью-Йорк таймс” гезити бар экен ошону мага берди. Мен аны түшүнбөсөм да окуп, текстти которчумун. Кийин мектепке англис тил мугалими келгенден баштап аябай кызыгып окудум. Англис тили боюнча олимпиадаларга катыша баштадым. Апама “Хэмингуэйди оригиналында окусам, орус тилине кандай которулду болду экен” деп айтчумун. Мектепте окуп жүргөндө кичинекейибизде апам кышында күндө китеп окуп берчү эле.
– Анан кандайча Америкага барып калдың?
– 2001-жылы 3-курстта Америкадан бир үй-бүлө таап, анан алардын чакыруусу менен кеттим. Бул жакта студент кезимде эл аралык уюмдарда, элчиликтерде жумуш чыга калса котормочу болуп да иштеп жүрчүмүн. Англис тилин жакшы билгенимден Америкага кетүүгө мүмкүн болду.
– Өзүң Америкада химия, биология жагында билим алыпсың. Эпосту которуу үчүн тил билүү гана эмес, талант да керек го. Өзүң да бирдемелерди жазасыңбы?
– Славян университетинде окуп жатканда англис тил мугалимибиз америкалык эле. Бизди күчтүү группа деп коюшчу, 10 эле студент окучу. Бизге япон стилинде каку түрүндө ыр жаздырчу. Өзүңөр каалаганды жазгыла дечү. Ошондо “Семетейден” англис тилине үзүндү которуп, элечек кийип барып айтып берипмин. Аны мен унутуп калган элем, жакында бир курсташыма жолукканда ошондогу сүрөттү көрсөтсө эстедим.
Негизи Америкага барганда жаза баштадым. Маями университетинен химия-биология боюнча бакалаврды, Монтана университетинен химия боюнча магистратураны окудум. Майамиде окуп жүргөндө “жазуучулук өнөр” деген кошумча сабак бар эле, бирок аны окуу милдеттүү эмес. Мен ошондо окудум. Окуткан мугалимим өзүңдүн кыска окуяларынды гезиттерге чыгарышың керек деди. Анча көңүлдөнгөн жокмун. Анан профессор студенттик гезитке редактор бол, сага ал үчүн акы төлөнөт деди. Муну укканда макул болдум, анткени окуума акча төлөшүм керек. Редактор болгондон кийин кызыктуу нерселер башталды. Жер кыдырып, бүт Американы көрүп келдим. “Нью-Йорк таймс” уюштурган конференцияларга университеттин атынан барып жүрдүм. Жазып, ар кандай музыкалык топтордон маек алып, иши кылса журналист болуп кеттим. Профессор Дэвид Никсон англис тили жана адабияты предметинен берет, өзү адабиятчы, жазуучу эле. Ага кыргыз адабияты жөнүндө айтып берип, ал мага америкалык жазуучулар жөнүндө айтып берет. Ошентип адбиятка кызыгып кеттим. Америкада Guora веб-сайтына кыска окуяларды, аңгемелерди коюп жатам. Окурмандарга жагып колдоп жатышат. Ал жакка жазганга жолдошум түрткү берди, “менин жазгандарымды окуп, оюңду айт” десем ал ошол жакка жазуумду айтты. Өзү да ал жактан окуп, окурмандардын реакциясын байкап турду. Мен окурмандар жактырат деп ойлогон деле эмесмин. Кыска аңгемелериме 100 миңден ашык “лайк” басылганда жолдошум “карачы канча миңдеген адамдар лайк басып жатат” деп сүйүнүп калды.
- “Манас” эпосунан кийин башка чыгармаларды которуу жөнүндө ой барбы?
– “Семетей”, “ Сейтекти” которуп бүткөм. Ал да профессионалдык редакциялоодон өттү. Мындан тышкары Чыңгыз Айтматовдун “Тавро Кассандрасын” которгом. Бул чыгарма немец тилине которулган, бирок англис тилине которулбаптыр. Улуу даанышман 20 жыл мурда эле азыркы проблемаларды көрө билген экен. Бирок жазуучунун уулу Эльдардан басып чыгаруу боюнча сүйлөшө албай койдум. Өзүнө жазсам жооп берген жок. Жубайына жазсам адвокатка жолугуңуз деген. Адвокат болсо кайрылууларымды жоопсуз калтырып жатат.
– Эгерде сен ошол китепти басып чыгарсаң кандайдыр бир материалдык пайда табасыңбы?
– “Манас” эпосун которуп чыгардым. “Амазондун” жакшы жери профессионалдык редакциядан өтсө, алардын форматына ылайык келтирсең эле акча талап кылбай чыгара берет. Бирок сатылгандан түшкөн каражаттын 60%ын “Амазон”, 40%ын автор алат. Мен өз каражатыма профессионалдык окуудан өткөрүп, редакторлорго, сүрөтчүлөргө, калыпка салгандарга акы төлөйм. Жыйынтыгында мен андан чоң материалдык пайда деле тапкан жерим жок. Мага китептин чыгышы маанилүү. Мен үчүн кыргыз адабияты, “Манас” эпосу дүйнөгө тараса чоң жетишкендик. Бул биздин маданиятыбыз, тарыхыбыз, турмуштук энциклопедиябыз десем болот.
– “Манас” эпосу мурда да англис тилине которулган. Аны окудуң беле?
– 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата Уолтер Мэй деген англичанин эпосту которгон экен. 1998-жылы мен университетте 1-курста окуп жүргөндө ал бизге келип, жолугушуу болгон. Ошондо аны көргөм. Аялы коштоп жүргөн. Анын кыргызча түгүл, орусча да сүйлөгөнүн уккан жокмун. Кошо жүргөн аялы мурдагы Союздун аймагынан көчүп кеткен еврей экен, орусча сүйлөдү. Ошондо бул кантип которду экен деген ой келген. Котормону аябай окугум келген. Колума ал китеп тийген жок. Бирок кийин Америкадан сатып алып окуганда катуу капа болдум. Аябай начар которулган экен. Ал жерде Манас жок, мен аны Манас деп айта албайм. Сүрөттөрү да кыргыз эмес, перси стилинде ирандыктарга окшошуп кетет. Сүрөтчүсү Юлдашев экен. Мар Байжиев агайга сиздин китебиңизди котордум десем, дароо мамлекеттик тил комиссиясынын кароосунан өткөрдү. Анан ал котормону тил комиссиясы караган эмеспи деп ойлоп калдым. Эмнеге буга жол беришти? Саясатын билбейм, бирок бул котормо боюнча мурдагы Президент Аскар Акаевдин администрациясы чоң күнөө кетиришкен деп эсептейм. Кыргыз тилин билбеген адам кантип “Манасты” которот. Европада деле, Америкада деле “Манаска” кызыккан окумуштуулар бар экен. 5-6 адам ал котормого карата “аябай жаман которулуптур, мен “Манас” эпосу ушундай деп элестеткен эмесмин, поэтикалык деңгээли да начар болуптур” деп пикир жазгандарын окудум. www.goodreads.com деген сайтта китепке кзыккандар өз пикирлерин жазышат. Ошол жерде Уолтер Мэйдин котормосуна ушинтип терс пикирлерди калтырышыптыр. Аны ким болсо да карап көрсө болот. “Көкөтайдын ашы” канча жыл мурун эле немец тилине которулган экен. Ошону азыр да кызыгып окугандар көп. Бирок ал кичине эле эпизод. Мен “Манасты” кыргыз гана которо алат, кыргыз гана сүрөтүн тарта алат деп ойлойм. Манас башка элдерде болбогон феномен.
“Семетей”, “Сейтекти” которуп бүтүп, азыр сүрөттөрүн тартуу боюнча Замир Илипаков деген сүрөтчү менен иштеп жатам. Америкадан деле бир сүрөтчүгө тарттырайын дегем. Өзү аябай жакшы сүрөтчү-дизайнер. Үйүмө чакырып, Манас жөнүндө баарын чайнап айтып берем, ал кыргыздын тоолорун тартат, боз үйлөрүн тартат, бирок Манаска келгенде негедир тарта албайт. Чынында эле Манасты кыргыз эместердин тартышы кыйын.
– Үй-бүлөң жөнүндө айтсаң?
– Турмушка чыккандан кийин балалуу боло албай жүрүп иштеген жокмун. Бирок котормочулук кылып жүрдүм. 2010-жылы кыздуу болдук. 2 кыз, 1 уулум бар. Аларды жыл сайын бул жакка алып келип турам. Жолдошум менен Америкада окуп жүргөндө тааныштым. Университеттин алдындагы испан тили курсуна чогуу барып калдык. Улуту орус, москвалык. Программист болуп иштеп жүргөн экен. Өзү математик, ядролук физика адистигин окуган. Ата-энеси да физик-математиктер – профессор, академик, илимдин адамдары. Москавада турушат. Жолдошум студент кезде программист болуп иштеген боюнча азыр да ушул кесипте иштейт. Илим жолуна түшсөмбү деп анан экөөбүз кеңешип ушул тармакта эле калды. Программисттерге Америкада жеңилдиктер бар, биринчиден айлык акы жакшы, грин-карта берет, тезирээк жарандык алганга мүмкүнчүлүк болот. Медкамсыздандыруу, тиш догдурга өзүнчө камсыздандыруу, айтор айлыкка кошумча бир топ ыңгайлуулуктары бар.
– Учурда эмне иш кыласың?
– Акыркы 7-8 жылдан бери Майамиден 40 минуттук жерде турган Пантейшен деген шаардагы менчик мектепте иштейм. Окууну бүткөндөн кийин турмушка чыктым. Анан балалуу болгончо иштеген жокмун. Бирок мектепте иштей элегимде эле котормочу катары агентстволордун маалымат базасына кирген элем. Иммиграциялык соттордо синхрондук котормочу болуп жүрдүм.
Мектебибиз бүт Америка боюнча өзгөчө мыкты мектеп. “Америка мурасы” деп аталат. Окуучуларды да, мугалимдерди да конкурс менен тандап алат. Мен ошого иштейм дегенде жолдошум “ал жерде илимдин адамдары иштешет, сен магистратураны эле окудуң, өтө албайсың го” деген. Болбой эле “эмнеге өтпөйт экем” деп резюмемди жибердим. Директор дароо эле чакырды. Ал жерде ачык сабак өтүүм керек болду. Эки сааттан кийин “ДНКнын репликацясы” боюнча ачык сабак өттүм. Мектептин директору, орун басарлары, мектептин ээси, мугалимдер катышып отурушту. Сабак бүткөндө жактым окшойт, дароо эле контракт түзүштү. Ошентип, бул мектепте иштеп калдым.
Бегим ТУРДАЛИЕВА