Акыл Кемелов: “Көмүрдүн баасын монополияга каршы кызматы көзөмөлдөшү керек”

“Көмүрдүн баасын монополияга каршы кызматы көзөмөлдөшү керек”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.

Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев спорт жаатында ийгиликтер арбын болуп жатканын белгилеп: “Спортчуларыбызга рахмат айтышыбыз керек. Бирок мамлекет тарабынан колдоону дагы күчөтүп, машыгуу жайларын куруу зарыл”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар депутат Чыңгыз Макешов сүттүн баасы азыркы тапта 25-26 сомдон сатылып жатканын жүйө келтирип: “Ортомчулар 6-7 сом кошот экен. Бирок чөп кымбат. Чыгым акталбай жатат. Андыктан ортомчуларды жоюу учур талабы. Ал үчүн кооперативдерди уюштуруп, фермерлер менен сүт иштетүүчүлөр ортосунда түз келишимдерди түзүү шарт”, – деди.

error: Content is protected !!