Акыйкатчы: Милициянын зомбулугуна кабылган аял, арыз менен кайрылган

Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлеринин зомбулугуна кабылганын айткан аялдын окуясы каралып жатат. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчыга арызданган аял Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери аны талаага алып чыгып сабап, муунтканын жана өлтүрөбүз деп коркутканын, ошонун айынан боюнан түшүп калганын айтып, милиционерлерди жоопко тартууну жана жазалоону талап кылууда . Арыздануучунун айтымында, окуя быйыл 5-августта орун алган.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы арыздын негизинде Жазык кодексинин 321-беренесине (“Бийликтен аша чабуу”) ылайык сотко чейинки териштирүү башталганын, аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгы жүргүзүп жатканын билдирген. Атайын кызмат кылмышка шектелип жаткан милиционерлерге карата тийиштүү чечим чыгарын маалымдаган.

error: Content is protected !!