«Жергиликтүүдөн глобалдыкка чейинки лидерлер: Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү реформаларды илгерилетүү боюнча бийликтин, инклюзивдүү бизнестин жана КР коомчулугунун шериктештиги»

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында КР Акыйкатчы Институтунун кызматкерлеринин бир тобу Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбековдун жетекчилигинде  «Жергиликтүүдөн глобалдыкка  чейинки лидерлер:  Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү реформаларды илгерилетүү боюнча бийликтин, инклюзивдүү бизнестин жана КР  коомчулугунун шериктештиги» аталыштагы улуттук диалогго катышып жатышкандыгын “Эркин-Тоо kg” сайтына Акыйкатчы Институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин, КР Жогорку Кеңешинин, Коопсуздук Кеңешинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана бир катар укук коргоо уюмдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү: Бир-Дүйнө Кыргызстан укук коргоо кыймылы коомдук бирикмеси,  «Энсан Диамонд» коомдук бирикмеси, региондордун тобокелчилик аймактарында жашагандардын өкүлдөрү, тарыхчылар, жазуучулар, коомдук ишмерлер, жеке адвокаттар жана эксперттердин катышуусунда өттү. Бул иш чарада КР Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси А.Азарбеков «КРда позитивдүү реформаларды илгерилетүү үчүн адам укуктары жөнүндө» аталыштагы баяндама жасады.

Улуттук диалогдун катышуучулары негизги багыттарга токтолушуп,  талкуу кызуу жүрдү. Негизинен  төмөнкүдөй маселелер коюлган: “Жергиликтүүдөн тартып глобалдык деңгээлге чейинки тобокелчилик жана кырсыктардын факторлорун аныктоо”, “Коомдук коопсуздукту камсыздоо ички жана тышкы чакырыктар жана тобокелдиктер, алардын алдын алуу”, “Гендердик дисбаланс: саясатка жана ресурстарга жетүүнүн маанилүүлүгү,“Аялдар жана шайлоолор”, “Кызматтарга жетүүгө тең укуктуулукту камсыздоо: социалдык кызматтарга жетишүү,  жергиликтүүдөн  тартып глобалдык деңгээлге чейин чечим кабыл алуу процессине катышуу” маселелери талкууланды.

Ошондой эле бийлик менен жарандык коом уюмдарынын  өнөктөштүгүнүн аракеттеринин планы, олуттуу сунуштамалар берилди.

error: Content is protected !!