ЖК депутаты Улугбек ОРМОНОВ: “Ондук” же “алтын тизме” деген түшүнүк күчүн жоготту”

28-июлда ЖКнын кезектеги жыйынында эл өкүлдөрү күн тартибине коюлган 11 мыйзам долбоорун карашты. Анын ичинен катуу талаш-тартышка түшкөнү “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештиндепутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору болду. Мындан улам, ЖКнын үч жолку чакырылышынын депутаты Улугбек Ормоновду кепке тартып, аталган мыйзам жөнүндө жана өзү демилгелеген ысырапкорчулукту жоюу мыйзамы тууралуу маек курдук.

— Улугбек Зулпукарович, ушул аптадагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоорун карап, колдоп беришти. Анда кандай өзгөртүүлөр киргени боюнча түшүндүрмө берсеңиз?

— Ооба, парламентте ушул шайлоо боюнча мыйзамды карап, кабыл алып бердик. Конституцияда депутаттардын саны 90 депутат болот деп так жазылган. Алгач 35 бир мандаттуу, 55 партиялык тизме менен болсун деген мыйзам долбоору келип түшкөн. Биринчи окууда кароо учурунда Борбордук шайлоо комиссиясы менен дагы көптөгөн талаш-тартыш, талкуулар болуп, тизменин саны Кыргыз Республикасында бир мандаттуу 36 округга бөлүнө турган болгон. Ал эми партиялык тизмеге 54 мандат берилген.

— Эмне себептен бир мандатка ушундай өзгөрүү болду?

— Себеби, 35 мандатка шайлоочуларды бир мандаттуу округга бөлгөндө 103 миң адамдан тийип жатат. Ушундан улам акыркы шайлоого катышкан шайлоочулардын санын облустарга бөлүп эсептегенде Талас облусуна бир жарым мандат туура келип, эгерде округду бөлгөндө Чүй облусунун бир районунан шайлоочуларды кошконго туура келет. Андыктан, аны эске алып, ушундай чечимге келдик. Андан сырткары эң негизги өзгөчөлүк ушул партиялык тизме менен келгендеги жаңы сунуш да өттү. Аны Алтынбек Сулайманов сунуштап, ал мыйзам биринчи окууда кабыл алынган. Ошол мыйзам менен шайлоо боюнча мыйзам экөө бириктирилип, кабыл алынып, эми партиялык тизме менен келгендеги мурдагыдай “алдыңкы ондук” же “алтын тизме” деген түшүнүктөр күчүн жоготту. Мында эл партия менен бирге ошол партиянын ичиндеги талапкерге да өз добуштарын беришет. Мисалы, 15 же 20 партия шайлоого катышса, шайлоочулар партияны эле тандабастан, ал партиянын ичиндеги талапкерге да добушун берет. Мындай кадам менен мурдагыдай талаш-тартыштарга чекит коюлат. Эл жүрөгүнөн добуш берип, партиянын ичинен кайсыл талапкер мандат алып келээрин өздөрү чечет. Эми 54-тизмеде турган талапкер өзү да, партиясы да жетиштүү добушка ээ болсо, ал акыркы тизмеде турса да биринчилерден болуп мандат алат. Мисалга партия 12 мандатка ээ болуп, анда мурдагыдай алдыдагы 12 адам эмес, добуш алган адам депутат болуп келет. Бул жерде партиянын лидери, саясий кеңеши менен сүйлөшүүлөр, соодалашуулар жүрбөйт. Талапкерлер элге сиңген эмгеги, кадыры менен ЖКдан орун алат. БШК автоматтык түрдө шайлоонун жыйынтыгын, көп добуш алгандарды ачык-айкын көрсөтүп турат. Муну менен ар бир талапкер эл арасындагы кадыр-баркын, өлкө ичиндеги салмагын, ордун аныктап алат. Жалпы эл кайсы талапкерди колдоору бул мыйзам аркылуу даана билинет. Бул жаңы жаңылык жана элдин талабы. Мындан кийин “партия менен барып көп добуш алган адам өтпөй калды” деген нааразычылыктар болбойт.

— Аталган мыйзам долбоору алгач парламентке келип түшкөндө парламенттик шайлоонун пайыздык босогосу 3% болуп көрсөтүлгөн. Учурда бул чек 5%га жогорулады. Эмне себептен? Мындай демилге ким тарабынан сунушталды? 2020-жылдын октябрында бийликке болгон нааразычылыктын бирден-бир себеби — парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата болгон. Ошондон кийин шайлоонун пайыздык чегин төмөндөтүү сунушу айтылган. Эгер шайлоонун пайыздык босогосу 5% болсо, октябрдагы окуялар кайталанбайт деген кепилдик барбы?

— Жыйында талаш жараткан талкуунун экинчиси ушул партиянын өтүү пайызы болду. Ооба, былтыр парламенттик шайлоонун пайыздык босогосу 7% болгон. Анын жыйынтыгы 2020-жылдагы октябрь окуясына алып келди. Ушундан улам, Президент Садыр Жапаров сунуштаган азыркы мыйзамда 3% деп келген. Бирок, Жогорку Кеңеште экинчи окуудагы талкууда депутаттар тарабынан 5%га көтөрүү сунушталды. Себеби, учурдагы 54 мандат болгондо мисалы шайлоого 20 партия катышса, ушул 3%дык ченем менен өтө көп партия өтүп, ар биринен аз гана талапкер келип калабы деген ойлор жаралып, элге ал партиянын салмагы да анык болсун деген таризде 5%га көтөрүү сунушталды. Бул сунуш колдоо таап, шайлоого катышкан талапкерлер 5%га ээ болгондо гана, аймактан 0,5%ды ээлегенде партия өттү деп эсептелет. Негизинен ЖКда кызуу талаш-тартыш болуп, бирок, мыйзам долбоору колдоо таап, мыйзам кабыл алынды.

— Парламентте гендердик квота боюнча бир катар талаш-тартыштар болду. Сиздин оюңузча пикир келишпестиктер эмнеден улам келип чыкты. Дегеле парламентте гендердик тең салмактуулук сакталдыбы жана жаңы мыйзам боюнча да сакталабы?

— Туура, пикир келишпестиктер жаралды. Бул маселени комитетте депутат Токтомамбетов көтөрүп чыккан. Ал эми Президенттин сунушунда ар бир үчүнчү талапкер бир жыныстан болбосун деп сунушталган. Биз талкуу учурунда гендердик саясат дегенди аял дегенге буруп алып, аялдар тизмеде канчанчы болот деген мааниде талаштар болду. Бирок, ошол эле учурда партияларда мандат бөлүштүрүлгөндө “30%ы аялзаты болсун” деген беренеде так жазылып турат. Демек, тизмеде канчанчы болоору бул принципиалдуу түрдө эч кандай мааниге ээ болбойт. Бул тизмеде аялдар арасында өздөрүнчө жарыш болот. 30 пайыздык ченем баары бир аялдарга таандык. Мыйзам боюнча тизмеде ар бир төртүнчү орунда аялзаты болушу кажет. Мисалы, аялдар 4-8-12-тизмеде болуп, эгер партия 10 мандат алып калса, баары бир анын 30%ы аялдарга берилет.

— Жакында эле “Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзам долбоорун алып чыктыңыз, ушул туурасында да айтып берсеңиз?

— Бул мыйзам долбоору элдик демилгени колдоо максатында жазылган. Кубаныч Кантөрөев деген аксакал жети облустун кайдыгер карабаган аксакалдары менен жаштарынан турган топ түзүп, ысырапкорчулукка каршы демилге көтөрүшкөн. Мени жолугушууларына чакырып, “ысырапкорчулукка каршы депутат катары мыйзам долбоорун алып чыгып бер” деп суранышкан. Андан сырткары Талант Анарбаев деген кыргыздын мыкты жигити Кыргызстанды түрө кыдырып, бардык райондордон сурамжылоолорду уюштуруп, өзүнүн ютуб каналына кырктай көрсөтүү даярдаган. Анын жыйынтыгында элдин 95%ы бул мыйзам керек дешкен. 5 %ы гана каршы болушкан. Бул мыйзамды мен демилгелеп чыккандан кийин бир ай коомдук талкууга койсок, көптөгөн сунуштар түштү. Мыйзам долбоорду 80%ы колдосо, 20%ы каршы болушту. Каршы болгондор бул кыргыздын каада-салты экенин айтып, “Алыстан куда келсе, жылкы союп, эт тартпай, маркумду кантип акыркы сапарга узатабыз? Өз акчамды өзүм билем. Кааласам 1000, кааласам 2000 киши чакырам. Акчама кийлигишпегиле” дегендер да болду. Бирок, жалпы коомчулук бул мыйзамды колдоду. Себеби, мыйзамда 3-4 катуу норма бар. Биринчиси, маркумду акыркы сапарга узатуу. Кээде адам каза болгон үйдө маркум унутулуп, конок тосулуп, аларды тейлеп, батага келгендер менен алектенишет. Өлүм айтып келбейт. Үй ээлери, жакындары аза күтүп, сыздап олтурса, сырттагылары мейман тосуп, эт тартып, үй-үйлөргө жайгаштырып чуркап жүргөн болот. Колунда барлар үчүн билинбейт. Ал эми колунда жок, жупуну жашоодогу адам болсочу?.. Бул оор маселе. Ошондуктан, “маркумду акыркы сапарга узатууда бодо мал союлбасын. Майда жандык (кой) союлса болот. Маркумду эскерүү, куран окутууларына 300дөн ашуун адам чакырылбасын” деген талаптарды киргиздик. Бул негизинен карапайым элге эмес, колунда барларга жакпайт.

Экинчиси, үйлөнүү тойго 300дөн ашык, үй-бүлөлүк маараке, бешик той, сүннөт тойлорго 200 дөн ашык конок чакырылбашы керек. Үлпөт тойдогу модага айланган 15-20 чакты ак же кара түстүү унааларды тизип алып, тойлорго чыгууга да тыюу салынат. Мындай унаалардын саны үчтөн ашпашы тийиш.

— Улугбек Зулпукарович, маркумду акыркы сапарга узатууда го бодо мал союлбайт дедиңиз, ал эми 300 адамдан ашпаган тойлорго бодо мал союлса боло береби?

— Той, жакшылыктар үчүн союшка чектөө жок. Мында биз адамдардын санына гана чектөө койдук. Болбосо айрым колунда бар байлардын тойлорунда 1000-1500 кишиден ашып, баш-аягы көрүнбөй, ким келип, ким кетип жатканы билинбеген учурлар болот. Андыктан, бул мамлекеттик чиновниктер үчүн иштей турган мыйзам. Себеби, бул мыйзамдагы норманы кызматтагы адам бузса, ал айыппул гана төлөбөстөн, кызматынан да четтетилет.

— Бул мыйзам долбоору Президенттин колдоосуна арзыйт деген ишеничтесизби? Ошондой эле, айыппулдардын суммасы туурасында да айтсаңыз?

— Эми бул албетте түздөн-түз президетибизден көз каранды. Эгер ал киши мыйзамды колдоп, кол коюп берсе, норма иштей баштайт. Андыктан, үмүт артып турам. Ал эми айыппул тууралуу айтсам, учурдагы жеке жактарга коюлчу айыппулдун эң кымбаты 17 500 сомду түзөт. Ысырапкорчулук боюнча мыйзамды бузган адамга айыппулду 70 000 сомго көтөрдүк. Болбосо акчалуулар 17 500 сомду төлөп коюп, каалаганын кыла берээри турган иш.

— Шайлоочуларыңыздын колдоосу, тилеги, үмүтү менен ЖКнын бир эмес, үч чакырылышында депутат болдуңуз. Депутаттык мандатты пайдаланып, мындан башка дагы элдин кандай мүдөөлөрүн аткара алдыңыз?

— Туура айтасыз. 2005-жылы бир мандаттуу шайлоо округунан шайлангам. 2007-жылы партиялык тизме менен келдим. Ортодо 2010-жылдан 2016-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектендим. Бул жылдары элдин турмушунда эч кандай өзгөрүүлөр болбогонун көрүп, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болсом, колумдан келген жардамды эл-жерге берсем деген ниетте “Бир бол” партиясы менен кайрадан шайлоого аттанып, 2016-жылы мандат алгам. Эл өкүлү болуу өтө жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу. Себеби, жалпы элдин тагдырын чечкен мыйзамдарга ойлонуп, толгонуп добуш бересиң. Элдин үнүн бийликтегилерге жеткирип, карапайым калктын таламын талашып, бийликтин эл үчүн иштөөсүн камсыздайсың. Андыктан, элге ак кызмат кылсам деген тилекте көптөгөн мыйзамдардын демилгечиси болдум. Жогорудагы мыйзамдан сырткары мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик жеке өнөктөштүк, ишкерлерге жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзамдарды алып чыктым. Өзүм 20 жыл өндүрүштө иштеген адам катары бул тармакты жакшы түшүнөм. Албетте, алдыда али да эл-жер үчүн жасай турган иштер арбын. Башкысы өлкөбүздүн экономикасы өнүгүп, элдин жашоо-шарты жакшырса дейм. Элибизде ден соолук, ырыс-ынтымак, жерибизде тынчтык болсо деп тилейм!

Жазгүл КАРБОСОВА

error: Content is protected !!