ЖК депутаты Бакирдин Субанбеков: «Адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок»

Жогорку Кеңештин депутаты, Бакирдин Субанбеков :

   Парламенттеги улуу депутат катары, Ички иштер органында өмүр бою эмгектенген кызматкер катары өлкөбүздө акыркы мезгилде болуп жаткан жол кырсыктарынын көбөйүп жатышына кайдыгер боло албайм. Элдин кайгысы- менин кайгым. Жанды кейиткен жол кырсыктарынан канчалаган өмүрлөр кыйылып, бири атасынан, бири апасынан,   бир тууганынан, боор көтөрө элек наристесинен айрылса, канчасы майып болуп жатышат. Бул чоң трагедия. Ар бир жоготуунун артында кайгы, муң, көз жаш турат.

    Адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Ошондуктан, баарыбыз аң-сезимди ойготуп, маани беришибиз керек. Жолго чыгар алдында, ар бир айдоочу үй- бүлөнү эстен чыгарбай, башкаларга да зыян тийбегибей жоопкерчиликтүү болушунуздарды каалайт элем.

   Жол кырсыгынын келип чыгышы, тийиштүү эрежелерди сактабагандыктан улам болууда. Катуу ылдамдыкта жүрүү, мас абалда рулга отуруу, мунун баары кайдыгерликке барып такалат.  

   Акыркы 10-15 жыл аралыгында менчик авто мектептер көбөйүп кетти. Алар кандай даярдап жатканына көңүл буруп, бардык жактан текшерүү жүргүзүш керек.  Министрлер кабинети колго алуусу зарыл.

error: Content is protected !!