Жемиштүү эмгек үзүрү

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Негизинен шаардыктардын көйгөйлөрүнө токтолуп, чечүү жолдорун көз алдыга тартып берди.

Көйгөй демекчи, шаар жашоочуларынын көкөйүнө көк таштай тийген транспорт маселеси Бактыбек Жапаровичке чейинки шаар башчылары тарабынан чечилбей сүрсүп келген. Кичи автобустардын айдоочулары өз билгендерин жасап, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты өтөтөмөн деңгээлге түшүп, саман жүктөп бараткандай төө бастылар көбөйгөн. “Кааласаң түш, каалабасаң такси жалдап кет!” дешип текеберленишип турар эле. Кыскасы, нечен ирет иш таштоого барышып, жол акы маселесин көтөрүүнү байма-бай талап кылышып турушкан. Жүргүнчүлөрдүн жүйөлөрүнө кулак кагышпаган. Мисалы, көп балалуу ата-энелердин чөнтөгү менен эсептешишпеген. Пенсия курактагылардын жана башка социалдык жактан жардамга муктаж катмарлардын кызыкчылыгын унутуп коюшкан. Ток этери, токтоп тура берсек, жүргүнчүлөр айласын таппай калат. Жол кире акысы биз каалагандай кымбаттайт дешкен эле. Тилекке каршы, тилектери суу кечпей калды. Тук буугандай буулган маршруттук каттамдардын опузасына шаар башчысы Бактыбек Жапарович солк этпеди. Эл мүдөөсүн жүрөгүнөнөткөрдү. Жол кире акысын көтөрүүгө ашыкпады. Шаар башчысына болгон шаардыктардын жылуу мамилеси мына ушул маршруттук каттамдар тук буугандай буулган учурдан тутанган. Туура сөз, туура чечимдин күчүн айт.

Бактыбек Жапаровичтин жетекчилиги менен оор кырдаал жеңилдей баштаган. Мүмкүнчүлүктүн болушунча автобустар менен троллейбустарды ырааттуу каттатууну колго алышты. Эл да кадимкидей көнүп калышты. Анан эмне болду? Эмне болсун баягы кичи автобустардын айдоочулары токтоп тура беришкенден тажашты. Мындай чечкиндүү кадам болорун күтүшпөгөн экен. Ырас эле аларсыз деле шаар кыймылы кыйла жакшырды, калыпка түшө баштады. Арадай жерге чарадай жыйын кургандар эл менен эл болуу керектигин сезишти. Шаар бийлигинин туруктуулугунан сестеништи.

Эң башкысы муниципалдык коомдук транспорт каттамдарын чыңдоо жемишин берди. Июнь айында линияга Өзбекстандан чыгарылган IZUZU үлгүсүндөгү 50 автобус кирди. Буйруса, дагы 40 автобус келет. Бир жакшы жери түзүлгөн келишимдин алкагында келүүчү автобустар жаратылыш газы менен жүрөт. 2023-жылга чейин 1000 унаа келет. Ал эми кийинки жылы майыптар үчүн пандустарды камтыган ири автобустарды кошкондо 350 автобус менен толукталат.

Жаңы автобустар келгени жүргүнчүлөрдүн салон ичиндеги тыгыны кадимкидей сергиди.

Баамдап, байкаганыбыз баягы текеберленген кичи автобустардын айдоочуларынын пейилдери өзгөрдү. Кичи пейилдик менен жүргүнчүлөргө мамиле жасап, өткөндөн сабак алышты. Тартипке келишти.

Транспорт маселесин чечүү, чыңдоого көңүл болуп көрбөгөндөй бөлүнө баштады. Айталык, эл аралык демөөрчүлөр менен келечектүү долбоорлордун үстүндө иштешүүдө. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте “Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорттук тутумун өркүндөтүү” долбоору пландаштырылууда. Андан сырткары паркын оңдоо да башкы максаттарына айланууда.

Ошондой эле “Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору иш жүзүнө ашмакчы. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланмакчы. 1-фаза боюнча электр автобустарын сатып алуу, 2-фаза боюнча муниципалдык таксилерди теске салуу каралат.

Аталган долбоордун алкагында 120дан ашык электр автобустарын жана кубаттоо инфраструктураны сатып алуу жана Депону модернизациялоо пландаштырылууда.

Демек, эл демин суутпай элдин кызыкчылыгын көздөшкөн жетекчилер алыс узайт турбайбы. Шаар калкынын кадырына татыган Бактыбек Жапаровичтин иштери илгерилей баштады.

Шаардагы көйгөйлөрдүн сап башында албетте, экология турат. Жаратылыш газы менен иштөөчү транспортторго көңүл буруу да бекеринен эмес. Абанын булганышы отун-суулардын сапатсыздыгынан болуп жатат. Айрыкча шаарды курчап турган жаңы конуштардын жашоочулары сапатсыз көмүр, отундарды жагышып айланасын жагымсыз зыяндуу уулуу заттар менен булгашууда.

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын 23 от казаны газ менен иштейт. Ал эми “Орто-Сай” жана “Ротор” от казандарына жалпак күн коллекторлору орнотулган. Күн батерияларын орнотуу менен зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы жылына 30,27 тоннага азайса, 1 гана откананын газга өткөрүлүшү менен зыяндуу заттардын көлөмү жылына 25 тоннага чейин азайган. Демек, уулуу заттардан сактануунун жолун издөө гана оң натыйжаларын берет турбайбы.

Борборубуздагы көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдүн бири таштандылар болуп саналат. Таштандыларды төгүүчү жайлардын абалы ич жылытпайт. Ошондуктан, “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун өркүндөтүү” долбоору бир нече жылдан бери ишке ашырылып келүүдө. Учурда жаңы санитардык полигондун курулушу башталып, эски таштанды полигонун жабуу жана калыбына келтирүү иштери уланууда. Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушунан үмүт чоң. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына бир этаптуу тендерди бекитүү жана жаңы тендердик сунуштарды иштеп чыгуу өтүнүчү жөнөтүлгөн.

Жыйында жылытуу мезгилине даярдыктар көрүлүп жатканы баса белгиленди. Социалдык блоктор боюнча сөз болду. Кулачын жайган курулуштар тууралуу айтылды. Мисалы, биринчи жолу жаңы конуштарга айрыкча көңүл бурулууда. Быйыл 5 бала бакча жана 5 мектеп курулат.

Ырас эле шаарда жол куруу иштери илгерилөөдө. Жашылдандыруу жана сугат иштеринде айтарлык жаңылыктар арбын. Тамчылатып сугаруу колго алынууда. Мындай ыкма сугат тутумдарына салыштырмалуу сууну керектөөнү 80 пайызга кыскартат. Бир тамчы суу текке кетпейт. Кышка даярдык ырааты менен жүрүүдө. Жаңы экономикалык саясат киргизилип, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө басым жасалууда. Каржы булактарын сарамжалдуу пайдалануу чыгымдарды азайтууда.

Бүгүнкү күндүн күрөө тамырына айланган ден соолук маселесин айтпасак болбос. Пандемиянын алдын алуу эмдөө болуп саналат. КЭРдин өндүрүүчүсүнөн 32 миң доза “Zinopharm” вакцинасы жана Россияда өндүрүлгөн Гам-Ковид-Вак (Спутник V) вакцинасынын 63 миң 600 дозасы бөлүнгөн. Биринчи дозасы менен 61 674 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинде экинчи дозасы менен 33 498 адам эмделди. Мындан 2935и медициналык кызматкер. 3850 мамлекеттик кызматкер. Укук коргоо органдарынын 1 438 кызматкери, 60 жаштан жогору 14818 адам, өнөкөт оорулары бар 1518 адам эмделген. Эмдөө уланууда.

Кыскасы, шаарыбыздын келечеги кең. Жарым жылдык жыйынтыктын ар бир тармактарына жана кадамдарына токтолуп олтурсак сөз узак. Айтайын дегеним шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Жапарович Кудайбергенов эл ишеничин аткарууга белсенип киришкен кези. Журналисттер бардык суроолоруна жооп алышты.

Айчүрөк Макешова

error: Content is protected !!