Жасалма мөңгүлөр жер кызматында

Ойго келбеген жаңы ачылыш.

Мындан үч жыл мурун жайыт пайдалануучулардын “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын жетекчиси Абдималик Эгембердиев жасалма мөңгүлөрдү жасоо идеясын айтып чыккан болчу. Бул идеяны Нарын районундагы Жерге-Тал жайыт комитетинин жетекчиси биринчилерден болуп колдоп, суусу жок жайытка жасалма мөңгү жасашып, анын пайдасын эки жылдан бери көрүп келишүүдө. Бул тууралуу газетабызга “Мөл булактан жаралган мөңгү” аттуу макалабызды жарыялаган элек. Адам оюна келбеген мындай жаңылык тез арада элге жайылып, биз да ушундай жасалма мөңгү жасап суу тартыштыгын аз да болсо чечип алсак дегендер четтен чыга баштады. Мисалы, өткөн жылы Өзгөн районунун Жалпак-Таш жайыт комитети да жасалма мөңгү жасашып, быйылкы жылы анын пайдасын көргөнгөүлгүрүп калышты.

Ал эми Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында сугат суу маселеси көптөн бери чечилбей келе жаткан элдин көйгөйүнө айланган маселе экен. Бул маселени тоо арасына жасалма мөңгү жасоо менен чечүүгө боло тургандыгын Тору-Айгыр жайыт комитетинин жетекчиси Кубаныч Өзүбеков бул идеяны угар замат түшүнүп, жасалма мөңгү жасоо ишине киришкен болчу. Жакында Тору-Айгыр айылынын түндүк тарабындагы тоо арасында суу атырылып чыгуучу бийиктиги 10 метрлик 6 түтүк орнотулуп, андан суунун кантип чачырап аккандыгын “Кыргыз жайыты” ассоциациясынын жетекчиси жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте көрүп кайтышкан.  Бул фонтан сымал түтүктөрдөн чачырап аккан суудан кышкысын өтө чоң мөңгү жаралып, жаз айларында андан эрип чыккан суунун көлөмү 10 миң кубду түзүшү мүмкүн экен. Ал мөңгүнүн суусу Тору-Айгыр айылынын эгин талааларын  толук камсыздай алат-деген ишеним бар.

Айрыкча быйылкы кургакчылык  жылында ушундай мөңгү түрүндөгү суу сактагычтарды  жасоонун мааниси абдан жогорулап отурат. Жакында Панфилов районунун Кум-Арык айылынын түштүк тушундагы тоонун бир коктусунун ичинен аккан арыкка да түтүк орнотушуп, андан күүлөнүп агып келген суу 7 метрлик тигинен 2 жерге орнотулган темир түтүктүн эң учунан туш тарапка чачырап агып жатканын өз көзүбүз менен көрдүк. Буюруса, кыштын декабрь, январь, февраль айларында түтүктөн чачырап аккан ошол суу музга айланып, ал жерде чоң мөңгү жаралмакчы. Жаз айларында ал мөңгүнүн суусу эригенде Кум-Арыктын суусу 2-3 эсеге көбөйүп, жыл сайын огороддоруна суу жетишпей жүргөн Кум-Арык айылынын тургундары сугат  суусу менен толук камсыздалат деген үмүт бар. Бул жердеги жасалма мөңгү жасоо конструкциясынын ачылышына “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын жетекчиси А.Эгембердиев менен биргеликте Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары жана айыл чарба бөлүмүнүн жетекчиси катышып, таң калууларын жашыра алышкан жок. Алар, “кудай буюрса мындай жасалма мөңгүлөрдү тоолорубуздун башка кокту-колотторуна жасоону да колго алабыз”, – дешти.

Албетте, бул жерде Кум-Арык жасалма мөңгүсүн жасоо демилгесин көтөрүп чыгып, айылдаштарына кызмат көрсөтүп коюуну ойлогон жайыт комитетинин төрагасы Койчубек Асанович Чыныбаевдин эмгегин айтпай кетүүгө болбойт. Ал түтүк тартуу, суу атырылып чыгуучу темир түтүктү орнотуу сыяктуу кара жумуштардын баарын үй-бүлөсүнүн, балдарынын, инилеринин катышуусунда бүтүргөн. Жада калса ушул курулушка кеткен чыгымдын жарым-жартылайын өзү чөнтөгүнөн көтөргөнүн жашырган жок. Бул ишти эл үчүн жасадым, менде кызыкчылык жок, – деди.

Жасалма мөңгү жасоонун артыкчылыгы аны жасоо технологиясы өтө жөнөкөй. Убаракерчилиги аз. Ал суу сактагычтарды куруу сыяктуу чоң каражаттарды, электр энергиясын, көзөмөлдөп туруучу кызматкерлерди  талап кылбайт.  Суу сактагычтардай кооптуу да эмес. Аны элдик объект десе да болот. Ал айланага микро климатты жаратуу менен өзгөчө оазисти пайда кылат жана тегерегине жан-жаныбарлардын байырлашын шарттайт. Анын үстүнө мөңгү суулары минералдарга бай болгондуктан анын суусу жагымдуулугу жана пайдалуулугу менен да өзгөчөлөнөт экен.

Ошондуктан, мындай жасалма мөңгүлөрдү тоолуу өлкөбүздүн бардык жерлеринде жасоого мүмкүнчүлүктөр бар. Аларды бардык аймактарда жасоо менен  кургакчылыктын, суу тартыштыгынын  оорчулугун кыйла жеңилдетип, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатып азык-түлүк коопсуздугун сактоого да өз көмөгүн тийгизет.

Абдимухтар Абилов

error: Content is protected !!